Нарын дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү Өзбекстандан табылды

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сууга түшүп кеткен баланы кыргызстандык куткаруучулар он күн бою издеп, таппай коюшкан. Кечээ коңшу өлкөнүн тургундары сөөктү таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Кум айылында Нарын дарыясына түшүп кетип, эки жумадан бери изделип жаткан 17 жаштагы баланын сөөгү Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 14-июнь күнү Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына 2003-жылы туулган бала түшүп кеткен. Аны он күн бою куткаруучулар издеп, бирок тапкан эмес.

Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү

28-июнь күнү Өзбекстандын аймагынан тургундар белгисиз эркек кишинин сөөгүн табышкан. Аныктоо иштерин жүргүзгөндө ал Нарын дарыясынан изделип жаткан бала экендиги белгилүү болгон.

Өспүрүмдүн сөөгү коңшу өлкөнүн Чек ара кызматы тарабынан туугандарына өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0