Бишкекте №5, 11 жана 14 троллейбустар токтотулду. Себеби

© Фото / Кристина КуманченкоТроллейбустар. Архив
Троллейбустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен Манас проспектинде жол кырсыгы болуп, анда такси айдоочусу троллейбустун түркүгүн сүзүп кеткен.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы №5, 11 жана 14 троллейбустарынын кыймылы жол кырсыгынан улам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн эртең менен Манас проспектинде жол кырсыгы болуп, анда такси айдоочусу троллейбустун түркүгүн сүзүп кеткен.

Бакты сүзгөн. Караколдо жол кырсыгынан бир киши каза болуп, экинчиси оор абалда

Учурда линиялар калыбына келтирилгени менен түркүк жолдон алына элек. Ошондуктан троллейбустардын түндүк багыттагы кыймылы убактылуу токтотулган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0