Айдоочунун аялы менен баласы көз жумган. Ысык-Көлдөгү кырсыктын чоо-жайы

© Фото / Пресс-служба МЧС КРЫсык-Көлдүн Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы жол кырсыгы
Ысык-Көлдүн Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктаган үй-бүлө малчы менен жайлоодогу жандыктарды көрүүгө бараткан. Айдоочу рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткени белгилүү болду.

БИШКЕК, 1-июл — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы жол кырсыгынан каза болгон эки киши эне-бала болгон. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы кабарлады.

© Фото / Пресс-служба МЧС КРЫсык-Көлдүн Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы жол кырсыгы
Айдоочунун аялы менен баласы көз жумган. Ысык-Көлдөгү кырсыктын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы жол кырсыгы

Каргаша кечээ, 30-июнда, саат 21:00дөрдө Кум-Дөбө тилкесинде болгон. ӨКМ кырсык тууралуу алгачкы маалыматтарды берген

Ысык-Көл облусунун ЖКККБнын билдиришинче, автоунааны 36 жаштагы киши башкарып бараткан. Ичинде анын 33 жаштагы аялы, төрт жаштагы баласы жана 56 жаштагы малчы болгон. Алар Туюк-Төр жайлоосундагы малын көргөнү бара жатышкан.

"УАЗ үлгүсүндөгү автокөлүктүн айдоочусу рулду башкара албай, машина оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен анын аялы менен баласы көз жумду. Айдоочу менен дагы бир жүргүнчү жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.

Алардын автокырсыкка жүрүүгө татаал болгон жерде учурагандыгын айтышты.

Бишкекте таксист мотоциклчен кишини коюп, андан соң түркүктү сүздү. Сүрөт

ӨКМдин куткаруучулары каза болгондордун сөөгүн автоунаадан чыгарып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0