Аялын өрттөгөн киши, көзү ачыкка барган тергөөчү. Июндагы соттук чечимдер

© Sputnik / Жоомарт УраимовОт жандырып жаткан адам. Архив
От жандырып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узап кеткен айда өлкөдөгү фемида өкүлдөрү ондогон иштерди карап чыгып, аларга карата түрдүү өкүмдөрдү кабыл алды. Алардын арасында пара менен кармалган тергөөчү, тапанчасын жоготкон милиционер жана аялын өлтүрө сабаган мыкаачы эргул да бар.

Sputnik Кыргызстан алардын ичинен айрым чуулуу иштерди тизмектеп чыкты.

Чоң муштум эргул

Борбор калаада жашаган үй-бүлө башчысы аялы менен уруша кетип, аны шаардын четине таалага алып чыгып катуу сабап, андан соң кожойкени үйдөн чыгарбай бир бөлмөгө үч күн камап койгон. Амалкөй келин короодогу ажатканага барам деп жолдошун алдап качып чыгып, укук коргоо кызматкерлерине арызданган. Эргул сотто күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

"Аялым менен жашаганыма төрт ай болгон. Ал күнү келинчегим экөөбүз үйдө арак ичип отуруп уруша кетип, ага кол көтөргөм. Себеби аялымдын уулу автоунаамды уруксатсыз айдап кетип, сүзүп салыптыр. Андан сырткары кызганычтын айынан араздашканбыз. Бирок анын эркине каршы кармаган эмесмин", — деген ал.

Ал эми жабырлануучу аны жолдошу катуу сабап, телефонун сындырып, бети-башындагы көгаласы кетиши үчүн үйдө бир нече күн камагандыгын айткан.

Чоң муштум эркек эки жылга эркинен ажыратылды.

Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутатынын бир тууган агасын атып кетишти

Тапанчасын жоготкон тергөөчү

Ысык-Көл облусунда милицияда иштеген кызматкер тапанчасын иш бөлмөсүнөн жоготуп жиберип жумушунан айдалган. Тергөөчү кызматтык ыйгарым укуктарынан ажырагандыктан Бишкектеги көзү ачыктарга барууга аракет кылган. Кийин тапанча бирөөнүн короосунан көчөдө чүпүрөккө оролуп жаткан жеринен табылган. Сот укук коргоо кызматкерин кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү эскирип кеткендиктен жазадан бошотту.

Тамакты тез жаса деп аялына бензин чачкан. Сокулукта күйүк алган келин каза болду

Келинге бензин чачып өрттөп жиберген

Төбө чачты тик тургузган окуя Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы базарлардын биринде болгон. Мурда бир нече жолу соттолгон 36 жаштагы тургун мас болуп, келинчегинин жумушуна келип ызы-чуу салган. Андан соң май куюучу жайдан бир литр бензин сатып алып, аялын бирдик салып иштеген жайына камап, май чачып өрттөп, андан соң качып кеткен.

Укук коргоо кызматкерлери анын изин суутпай колго түшүрүп, Жазык кодексинин 39-130 беренесинин ("Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет көрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылып, шектүү эки айга камакка алынган.

Ал эми 33 жаштагы жабырлануучу Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Келиндин колу-буту, бети күйүп, оор жаракат алганы айтылат.

Айыпталуучу өз көрсөтмөсүндө мындай кадамга аялынын ызаланткан сөздөрү себеп болгонун билдирген.

"Ал күнү чөнтөгүмдө 500 сом бар болчу, бир литрдей арак ичкем. Базарда жүрүп аялымдын иштеген жерине барып "мени менен жашайсыңбы" деп сурагам. "Жок" дегенинен кетип калгам. Жакын жерде эле жүрсөм колуктум менен келген курбусу мени тээп, бетке чаап-чаап жиберген. Аялым мага кол көтөргөн эмес, бирок жаман сөздөрдү айтып тилдеген. Ызаланып бензин сатып келип, келинчегимди сыртынан камап, өрт коюп качып кеткем", — деген шектүү.

Кийин караколдук келин укук коргоо органдарына бетине бензин чачып өрттөгөн күйөөсүн кечиргендигин билдирген. Бирок тартип сакчылар оор кылмыштарга тосмо арыз кабыл алынбай турганын жана кылмыш иши караларын айткан.

Фемида өкүлдөрү тараптарды угуп, чогулган материалды карап чыгып, эркек кишини жети жыл алты айга темир тор артында калтырды.

Айыпталуучуга айланган погончон

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматында иштеген тергөөчү 220 миң доллардын айланасындагы кылмыш ишин изилдеп жүрүп айыпталуучулардан ири суммадагы акча өндүргүсү келген. Иште шектүү катары суралып жаткан ишкерден телефон чалып 500, 1000 жана 2000 доллар талап кылган. Башында жабырлануучу опузалаган акчасын берип, соңунда УКМКга арыз менен кайрылып, тергөөчү 1500 доллар жана 15 000 сом алып жаткан жеринен колго түшкөн. Сот жеңил акча табууга аракет кылган погончонго 300 миң сом айып салды.

7,5 жылга кесилет! Зомбулук көрсөткөндөрдү тосмо арызга карабай камоо сунушталды

1000 сом үчүн кыйылган өмүр

Үйгө мас болуп келген эргул келинчеги менен урушуп, аны катуу сабап койгон. Чыр-чатактын келип чыгышына үй ээсинин дасторкон астына катылган 1000 сом акчасынын жоголуп кеткени себеп болгон.

Шектүү тергөө маалында күнөөсүн толук мойнуна алып, окуянын кандай болгонун айтып берген.

"Ал күнү аялым экөөбүздүн тең арактан башыбыз ооруп турган. Мен андан мурда берген акчаны жана короого коюп койгон жезди сурасам жок деп жооп берген. Ачуум келип аны бир жолу эле бетке чаап, анан жатып алгам. Бир аз убакыт өткөндөн кийин таанышым келип 500 сомго кык жүктөшүп койчу дегенинен ошол жакка кеткем. Кайра келсем аялым короодо жатыптыр, байкасам жүрөгүнүн согушу сезилбейт. Дароо дарыгерлерди чакырткам", — деген ал.

Ал эми баш мээси катуу жабыркаган аял оорукананын жандандыруу бөлүмүндө тогуз күн жатып кайтыш болгон. Фемида өкүлдөрү айыпталуучуну 7,5 жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айып салды.

Өспүрүмдү соттогондо энелик сезим селт эттирет. Судья Кадыркулованын маеги

Төрөгөн ымыркайын ажатканага...

Окуучу кыздын тааныш жигиттен боюна болуп калган. Бир нече ай өткөндөн кийин ата-энесине билгизбей үйдөн төрөп, ымыркайды жуурканга ороп ажатканага ыргытып жиберген. Төрөттөн кийин медициналык жардам албаган өспүрүм бир нече күн ооруп жатып, кийин жакындары аны аймактык ооруканага оор абалда алып барган. Ошондо дарыгерлер тарабынан жашы жете элек кыздын буга чейин көз жаргандыгын аныктаган. Укук коргоо кызматкерлери чарчап калган ымыркайдын сөөгүн беш күндөн кийин тапкан.

Сот өспүрүмдү эки жылга эркинен ажыратып, "1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата Мекендик согуштагы Жеништин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10-жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзамынын негизинде үйүндө калган.

Караколдук келин бетине бензин чачып өрттөдү делген күйөөсүн кечирди

Жаңылыктар түрмөгү
0