Кечээтен бери коронавирустан төрт бейтап кайтыш болду

© AFP / RONALDO SCHEMIDTСитуация в Аргентине из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Аргентине из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта аймактарда күндүзгү стационарлар иштеп жатат. Алар коронавирус менен пневмониянын жеңил түрүнө кабылгандарды дарылоодо.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бир суткада коронавирустан төрт киши каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 73 жаштагы бир бейтап, Ош шаарында 53 жаштагы бир адам, Токмок шаарында 86 жаштагы бир карыя жана Ысык-Ата районунда 41 жаштагы эркек көз жумду.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны 92ге жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0