Баткен облусунда Исфана — Сулюкта жолунда тоолор. Архив

Сүлүктүдө жер көчүп, автоунаа жолун тосуп калды. Видео

234
(жаңыланган 23:33 06.07.2020)
Жолду тазалоо үчүн бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Тазалоо иши эртең дагы улантылат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жер көчүп, автоунаа каттаган чоң жолду тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн саат 17:40 чамасында Кызыл-Бел тилкесинде болжол менен 1000 метр куб жер сүрүлүп, жолду бөгөп салган. Жабыркаган адамдар жок.

Бир үй-бүлөдөн эле... Сүлүктү шахтасындагы төрт кишинин өлүмүнүн чоо-жайы

Жолду тазалоо үчүн Кытайдын жол куруучу компаниясынан бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган. Иштин эртең дагы улантылары айтылат.

234
Белгилер:
тазалоо, жол тосуу, автоунаа, Жер көчкү
Тема боюнча
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги
Жыл башынан бери 35 адам сууга чөктү. Өкмөт коңгуроо кагууда
Тушение пожара в квартире одного из жилых домов в Мурманске.

Бишкек: көп кабаттуу үйдөгү бир батир үйүп кетти. Видео

14
(жаңыланган 14:59 26.09.2020)
Күбөнүн айтымында, кырсыктан жаракат алган адамдар жок. Учурда өрттүн эмнеден келип чыкканы такталып жатат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте Ибраимов жана Бөкөмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн бир батири күйүп кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга окуяга күбө болгон киши билдирди.

Анын айтымында, кырсыктан жаракат алган адамдар жок.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган дарекке өрт өчүрүүчүлөр саат 10.58де чыгып кеткенин билдирди. Саат 12:25де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жалын тогуз кабаттуу турак жайдын экинчи кабатындагы батирден чыккан.

Өрттүн эмнеден келип чыкканы такталууда.

14
Белгилер:
турак үй, батир, өчүрүү, ӨКМ, өрт
Тема боюнча
Жалда өрттөнгөн көп кабаттуу үйдүн эмнеси калды. Дрондон тартылган видео
Опалубкалар жерге кулап... Жалда күйүп жаткан көп кабаттуу үйдүн видеосу 
ӨКМ кызматкери. Архивдик сүрөт

Оту асманга атылып. Бишкектин 5-кичи районундагы өрттүн видеосу

80
(жаңыланган 13:40 26.09.2020)
Аянты 40 чарчы метр темир павильон күйгөн. Адамдын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаралбаганын айтышты.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 5-кичи районда павильондон өрт чыкты. Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram каналы жарыялады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 25-сентябрда, өрт чыккандыгы боюнча кабар түшүп, аны өчүрүүгө саат 21:22де Октябрь райондук №5 ӨКМден бир бөлүм тартылган.

Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео

Такталган маалыматка ылайык, 5-кичи райондогу №82 көп кабаттуу үйдүн жанында  учурда иштетилбей турган 40 чарчы метрлик темир павильон күйгөн.

Өрттүн адамдын ден соолугуна, өмүрүнө кесепети тийген эмес.

80
Белгилер:
Бишкек, ӨКМ, кырсык, өрт
Тема боюнча
Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр
Президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи радиого маек берди

Шайлоодон кийинки карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу

0
(жаңыланган 15:23 26.09.2020)
Мамлекет башчы пандемия учурунда ар бир адам жооптуу болуп, санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгына көңүл бурууну белгилеген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Карантин киргизиш оңой, баарын жаап салабыз, бардык кыймыл токтойт, бирок аны маселе чечилбейт. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи радиого маек берип жатканда айтты.

Журналист эл арасында шайлоодон кийин карантин кайра киргизилет экен деген сөздөрдүн айтылып жаткандыгы боюнча суроо берген.

"Карантин киргизиш оңой, ал жеңил, баарын жаап салабыз, баардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт", -деген мамлекет башчы.

Жээнбеков бир жаран жооптуу болуп, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды үйрөнүш керектигин айткан.

Өлкөгө сырттан киргендер кайрадан текшерилет, анализ тапшырат. Жаңы алгоритм

"Башында билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик — ал өзүнүн эффектисин берди. Бирок, карантинди кое-бергенден кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай, кайдыгер мамиле менен, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Ошонун жыйынтыгы менен июнь – июль айларында абдан кыйналдык. Оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй, кандай кыйынчылыктар болду, аны көрдүк да. Ошол үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды үйрөнүш керек, өзүн сактанганды үйрөнүш керек жана ар адам жоопкерчилик менен мамиле кылыш керек. Анан ошондо карантиндик режим сакталат", - деген президент.

Кыргызстанда да коронавирус жуктургандардын саны акыркы күндөрү арбып бара жатат. 26-сентябрда 158 кишиден табылды.

0
Белгилер:
карантин, коронавирус, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
COVID жуктургандар көбөйө баштагандыктан Боронов шашылыш жыйын өткөрдү