Жигули. Архив

Чүйдө "Жигули" менен маршрутка кагышып, кырсык бир адамдын өмүрүн алды

123
ӨКМ кызматкерлери көз жумган 23 жаштагы жигиттин сөөгүн автоунаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда "Жигули" менен Mercedes-Sprinter үлгүсүндөгү бус кагышып, кырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 7-июль күнү саат 7:00дөр чамасында Дмитриевка айылынын Ленин көчөсүндө катталган.

"Анын кесепетинен 23 жаштагы жигит каза болуп, үч адам жабыркаган. ӨКМ кызматкерлери көз жумган адамдын сөөгүн автоунаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", —деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми жабыркагандар ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.

123
Белгилер:
өлүм, жигит, жол кырсык, Ысык-Ата, Чүй облусу
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (303)
Тема боюнча
Милиция бустун артынан кууп жеткенче айдоочу беш унаа менен кагышты. Видео
Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары. Архив

Тажикстан кыргызстандыктарды сабаган жарандары жазаланарын айтты

149
(жаңыланган 00:02 18.05.2021)
Бүгүнкү чатак боюнча жергиликтүү эл менен сүйлөшүү болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстандыктарды сабоого катышкан тажик жарандары Тажикстандын мыйзамдары боюнча жоопко тартылат. Бул туурасында Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Окуя боюнча Баткен менен Согди облустарынын жетекчилери эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусунда макулдашуу болгон.

Бүгүн, 17-майда, Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында тургундар эртең менен үч тажик жаранын кармап, өлкө аймагында эмнеге жүргөнүн тактоо максатында милицияга жеткирип беришкен. Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз жарандарынын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлгөн.

Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин жеринде жолугуштурууну макулдашышкан. Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрү эл менен сүйлөшүп, эки тараптан тең кармалган адамдар бошотулган.

Чек ара кызматынан кыргызстандыктарды сабаган факты болгондугун жана бул тууралуу кечирээк маалымат бере тургандыктарын айткан.

Учурда чек арада абал туруктуу. Сүйлөшүүлөрдө Ак-Сай (КР) менен Ворух (ТР) айылдарына милиция постун коюу боюнча макулдашуу болду. Жакын арада эки тараптан айыл аксакалдарынын жолугушуусу пландалган.

Бүгүн Баткен облусунун жетекчилиги ак-сайлыктар менен жолугуп, тажик тарап менен болгон жолугушуу боюнча маалымат берген.

Баткен облусунда жайгашкан Чек кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканы кабарланды.

149
Белгилер:
милиция, сабоо, кыргыз-тажик чек арасы, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасында эки тарап тең кишилерди барымтага алып, кайра бошотту

Ракета тийген имарат бир секундда урады. Газадан тартылган видео

142
(жаңыланган 20:06 17.05.2021)
Израиль менен Палестинанын ортосундагы куралдуу конфликт дагы деле уланып жатат. Тараптар бир нече күндөн бери бири-бирине ракеталарды кое берүүдө.

Май айынын башында Чыгыш Иерусалимдеги Шейх-Жаррахта жашаган бир нече палестиналык үй-бүлөнү аталган аймактан чыгаруу боюнча соттун чечиминен кийин палестиналыктар нааразы болуп чыгышкан. Мындан улам абал курчуп Аль-Акс мечитинин жанында Израиль полициясы менен Палестинанын жарандары кагылышкан. Кийин ХАМАС согушкерлер тобу Израилдин аймагына ракета ата баштаган. Израиль дагы жооп катары Газа тилкесине ракета менен сокку ура баштады.

Израилде 10 адам курман болуп, 50 киши жабыркады. Палестинада болсо курман болгондордун саны 218 кишиге жетти.

Акыркы маалыматтарга караганда, ракеталар Израилдеги Ашдоде шаарындагы имараттардын бирине тийген. Жабыркагандар бар. Израилдин армиясынын маалыматы боюнча, алар ХАМАС кыйымылынын командирлеринин үйлөрүн аткылап жатышат.

142
Белгилер:
ХАМАС, согуш, ракета, Газа тилкеси, Израиль
Тема боюнча
Имараттарды кыйраткан ракеталар. Газа тилкесинен тартылган видео
Газа тилкесинде көз жумган палестиналыктардын саны 181ге жетти
Убактылуу баш паанек сурап БУУга 40 миңге чукул палестиналык кайрылды
Кыргызстандык боксчу Азат Усеналиев. Архив

Азат Усеналиев баштаган боксчулар Азия чемпионатында күчүн сынайт

0
Мелдеш 21-майдан 1-июнга чейин Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Анда улуттук команданын алты мушкери күчүн сынайт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатына катыша турган спортчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 21-майдан 1-июнга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында өтөт. Азия чемпионатын багындырууга спорт чеберлери жана эл аралык даражадагы спорт чеберлери Мирлан Түркбай уулу (49 кг), Азат Усеналиев (52 кг), Акылбек Эсенбек уулу (57 кг), Нурадин Рустамбек уулу (69 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (75 кг), Эркин Адылбек уулу (81 кг) аттанышат.

Спортчуларды башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев жетектеген топ алып барат.

Белгилей кетсек, курама команданын мушкерлери мелдешке Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жиберилүүдө.

Ата мекендик мушкерлер буга чейин Азия чемпионатына Бишкекте даярдык көрүшкөнү айтылган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, мелдеш, Азия чемпионаты, бокс
Тема боюнча
Кыргызстандык дзюдочулар Азия кубогунда 3 алтын медаль тагынды. Сүрөт