Бишкекте таякталып көз жумган 15 жаштагы кыздын өлүмүнө атасы шектелип кармалды

Жазылуу
Аталган факт Октябрь райондук ИИБи тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Борбор калаанын кичи райондорунун биринде ур-токмокко кабылган кыз каза болду. Кылмышка өзүнүн атасы шектелүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, 6-июлда болжол менен саат 09:02лер чамасында Бишкек шаардык ИИББдин 102 кызматына калаадагы кичи райондордун биринен жаш кыздын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарек боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери менен Октябрь районунун ИИБ кызматкерлери барган. 

© Фото / Пресс-служба УПСМ БишкекаШектүү
Бишкекте таякталып көз жумган 15 жаштагы кыздын өлүмүнө атасы шектелип кармалды - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

Эшикти талкалап киришкен. Бишкекте үч кыз каракчылыкка шектелип кармалды

"Такталган маалыматтар боюнча, 15 жаштагы кыз алган жаракатынан окуя болгон жерде каза болгон. Кылмыштын изин суутпай милиция кызматкерлери шектүү катары көз жумган кыздын атасын колго түшүргөн. Ал Октябрь райондук тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Октябрь райондук ИИБи тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0