Бишкекте жолтандабас дубалды сүзүп, кафеге кирип кетти. Жеринен тартылган видео

© Фото / Салех СалимовБорбор калаада жолтандабас кафенин ичине кирип кеткени
Борбор калаада жолтандабас кафенин ичине кирип кеткени - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, окуя болжол менен саат 15:45терде Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Автоунааны кыз айдап бара жатканы айтылды.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Борбор калаада жолтандабас кафенин ичине кирип кеткенин "Короче" Телеграм-каналы кабарлады.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя болжол менен саат 15:45терде Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, автоунааны кыз башкарып бараткан. Машина катуу ылдамдыкта келе жатканы айтылды.

Чүйдө "Жигули" менен маршрутка кагышып, кырсык бир адамдын өмүрүн алды

Видеодо көрүнүп тургандай, жолтандабас кафенин дубалын сүзүп, ичине кирип кеткен. Имараттын алдында, көчөдө бак кулап жатканын да көрүүгө болот.

Милициянын кайгуул кызматы окуянын себептери такталып жатканын айтты. Кимдир бирөөнүн медициналык жардам алган-албаганы азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0