Бир күндө пневмониядан 44 адам каза болуп, жалпы саны 268ге жетти

© REUTERS / Giorgos Moutafis / File PhotoСитуация в Греции из-за пандемии нового коронавируса
Ситуация в Греции из-за пандемии нового коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен март айынан бери өпкөнү сезгенткен оорудан каза болгондордун жалпы саны 268 адамга жетти.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өлкө аймагында кечээтен бери 44 бейтап пневмония оорусунан улам каза тапты. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын ичинен 30 адам Бишкекте, 14 киши өлкөнүн башка аймактарынан катталган. Ушуну менен март айынан бери жалпы каза болгондордун саны 268 адамга жетти.

Коронавирус бир суткада 13 адамдын өмүрүн алды

Жалпы жонунан 3 695 бейтап пневмония менен ооруканага кайрылган. Бүгүнкү күндө 1 907 адам айыгып чыкты.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0