Бишкекте Toyota Camry тосмону сүзүп, чуңкурга түшүп кетти

Талкаланыптыр! Бишкекте жеңил унаа тосмону сүзүп, чуңкурга түшүп кетти. Сүрөт, видео

683
(жаңыланган 23:43 08.07.2020)
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан төрт адам жабыркап, Тез жардам кызматы аларды ооруканага жеткирген. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Борбор калаада жеңил автоунаа кырсыктап, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Кайгуул милициядан кабарлашты.

В Бишкеке автомобиль влетел в котлован строящегося здания, сообщили Sputnik в Управлении патрульной службы милиции
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу.
Борбор калаада жеңил автоунаа кырсыктап, төрт адам жабыркады

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 19.30дар чамасында Сухе-Батор көчөсүндө болгон.

Кырсыктын видеосу "Короче" Телеграм-каналына жарыяланды.

 Бишкекте кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу изделүүдө

"Toyota Camry автоунаасынын айдоочусу түштүктү көздөй бара жаткан. Ал автокөлүктүн рулун башкара албай тосмону сүзүп өтүп, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн казылган чуңкуруна кулап түшкөн", — деп милициядан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан төрт адам жабыркап, аларды ооруканага Тез жардам кызматы алып кеткен. Учурда ал жерде укук коргоо кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

683
Белгилер:
Сүрөт, автоунаа, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (190)
Тема боюнча
Чүйдө "Жигули" менен маршрутка кагышып, кырсык бир адамдын өмүрүн алды
Бишкекте таякталып көз жумган 15 жаштагы кыздын өлүмүнө атасы шектелип кармалды
Эшикти талкалап киришкен. Бишкекте үч кыз каракчылыкка шектелип кармалды
Киев шаарында Өзекстан жараны бомба жардыра турганы айтып коркуттуп турат

Өзбекстан жараны Киевде бомба жардыра турганын айтып, түз эфир талап кылды

25
(жаңыланган 18:21 03.08.2020)
Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси террорчунун жанында өз каалоосу менен калган.

БИШКЕК, 3-авг.  — Sputnik. Киев шаарында (Украина) Өзбекстан жараны барымтага кишини алып жана бомба жардыра турганы айтып коркутту. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматта  Киевдеги бизнес борбордун ичиндеги банктардын бирине кирип, рюкзагында жарылуучу каражат бар экенин айткан. Ал полиция чакырууну суранган. Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси өзүнүн каалоосу менен ичинде калган. Полиция өзбекстандык киши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бомба бар же жогун аныктай алган эмес.

Жакында турмушка чыкмак. Барымтага алынып көз жумган келин тууралуу эмне белгилүү

Украиналык ЖМКлар ал теле аркылуу түз эфир берүүнү сурагандыгын жазды.

Июнь айынын соңунда да Луцк шаарында эркек киши автобустагы 13 кишин барымтага алган. Анын жанында курал жана жардыргычы болгон. Аягында террорчу барымтадагыларды 13 сааттан кийин кое берген. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес жана ал киши колго түшүрүлгөн.

25
Белгилер:
түз эфир, банк, барымта, террорчу, Украина
Тема боюнча
Үч күндөн соң эсин жоготуп... Ошто кишини барымтага алган шектүүлөр кармалды
Афганистандын чыгышындагы Желал-Абад шаарындагы түрмөгө жасалган чабуул

Афганистанда 20 киши набыт болду. "Ислам мамлекети" түрмөгө чабуул койду

32
(жаңыланган 17:50 03.08.2020)
"Ислам мамлекети" террордук тобунун Афганистандын аймагындагы абакка куралдуу чабуул жасаганы кабарланды.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Афганистандын чыгышындагы Желал-Абад шаарындагы түрмөгө жасалган чабуулдун кесепетинен 20 адам каза тапты. Бул туурасында Sputnik Тажикстан 1TV News телеканалына шилтеме берип, кабарлады.

Мындан сырткары, 85 адамдын жаракат алганы айтылды.

Өлгөндөрдүн арасында аскер кызматкерлери менен жай жашоодогу адамдардын бар экени айтылды. Атышуу учурунда коопсуз кызматы кол салган беш согушкерди жок кылган.

Кечирээк бул каргашанын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети террордук" тобу өзүнө алгандыгы белгилүү болду.

Сириялык качкын согушкер АКШ аскерлери "Ислам мамлекети" менен иштешерин айтты

Чабуул учурунда түрмөдө камалгандар качып чыгып, 700 киши ошол жерден эле кармалып, темир торго кайра кайтарылган.

Акыркы маалыматтарга караганда, кармаш 14 саатка чукул созулган. Согушкерлер түрмөнүн эки мунарасын ээлеп алууга үлгүргөн.

32
Белгилер:
түрмө, Чабуул, согушкер, "Ислам мамлекети" террордук тобу, Афганистан
Тема боюнча
Афган туңгуюгу: АКШ касташкан тараптарды элдештирүү аракетинде
Англия улуттук курама командасынын машыгуусу. Архив

Атаандашка жөтөлсөң, оюндан чыгасың. Англиядагы футбол эрежеси

0
(жаңыланган 18:28 03.08.2020)
Англиянын футбол жетекчилиги атаандашка карап атайын жөтөлгөн жорукту муштум менен сокку урган оройлук менен бирдей орунга койду.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Англиянын футболдук чемпионатынын калыстары атаандашка тарапка же беттештин өкүлдөрүнө карап атайын жөтөлгөн футболчуларды жазалайт. Бул тууралуу The Times маалымат булагы жазды.

Басылма маалымдагандай, Англиянын Футбол Ассоциациясы жаңы нускамаларды иштеп чыкты, анда коронавирустук пандемия шартында беттештерди тейлеген калыстар үчүн көрсөтмө камтылган.

FIFA Кыргызстандын футболун колдоого 1,5 миллион доллар бөлөт

Андагы бир пунктка ылайык, атаандашка же беттештин расмий өкүлүнө карап атайын жөтөлгөн футболчу беттештен четтетүү каралган. Мындай учурда калыстарга оюнчуга сары же кызыл айып кагазын көрсөтүү тапшырылган.

Муну менен Англиянын футбол жетекчилиги атаандашка карап атайын жөтөлгөн жорукту муштум менен сокку урган оройлук менен бирдей орунга койгону айтылат.

Футбол: кыргыз премьер-лигасында 8 команда калды

Жаңы эреже бардык расмий мелдештерге, атап айтканда Премьер-лига, Championship, Англия Кубогу жана Лига Кубогунда колдонулат.

Англиядагы футбол боюнча жаңы сезон 12-сентябрда башталат.

0
Белгилер:
пандемия, эреже, Англия, футбол
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
КРдин курама командасынын лидер футболчусу Бернхарт "Дордойго" кошулду