Рульдагы кишен. Архивдик сүрөт

Бишкекте дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу кармалды

212
(жаңыланган 13:20 09.07.2020)
7-июлда саат 15:45терде Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаа кафенин ичине кирип кеткен видео жарыяланган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Борбор калаада дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 7-июлда саат 15:45терде Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаа кафенин ичине кирип кеткен видео жарыяланган. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткендиктен, Милициянын кайгуул кызматы автоунаанын айдоочусу изделип жатканын кабарлаган.

Бишкекте котлованга кулаган унаанын ичинде төрт өспүрүм болгон. Кырсыктын видеосу

"Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгы менен Кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жолтандабастын 31 жаштагы айдоочусу кармалган. Автоунаа айып короого токтотулган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталганы кошумчаланды.

212
Белгилер:
Бишкек, жолтандабас, кафе, кырсык, айдоочу
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (303)
Тема боюнча
Бишкек: үч автоунаа кагышып, бирөө дубалды сүзүп короого кирип кеткен. Видео
Бишкекте жолтандабас дубалды сүзүп, кафеге кирип кетти. Жеринен тартылган видео
Темир тор артындагы адамдын архивдик сүрөтү

Депутат болчу талапкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

120
(жаңыланган 10:15 07.12.2021)
Талапкерге улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга аракет кылган деген айып коюлуп, ага карата кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. А.Т. аттуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.

Ага улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга аракет кылган деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Шектүү № 30 Ысык-Ата шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп чыккан.

"БШК аталган талапкерди Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. 6-декабрда ал айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

120
Белгилер:
Акбөкөн Таштанбеков, УКМК, убактылуу кармоочу жай, териштирүү
Тема боюнча
Бишкектин Октябрь райондук милиция кызматкери издөөгө алынды. Сүрөт
Массалык мушташ. Архив

Сокулук милициясынын алдына чогулган эл, ур-токмокко алынган милиционер. Видео

1114
(жаңыланган 23:42 06.12.2021)
Буга чейин Облустук ички иштер башкармалыгынан нааразы болгон жарандар милиционерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң тарап кетти деп билдирген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Сокулук райондук милициясынын имаратынын жанындагы топтошкон элдин нааразы болгон учурлары жана ошол эле имараттын алдында милиционердин формасын кийген адамды чогулган жай жарандардын ур-токмокко алган видеолору тарады.

Буга чейинки маалыматтарда кечээ, 5-декабрь күнү, белгисиз кишинин 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Чүй облусунун ИИББи жана Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында 31 жаштагы К.Н. аттуу жаран кармалган.

5-декабрда Сокулук районунун айылдарынын биринин 50дөй жашоочусу Сокулук РИИБинин имаратынын алдына чогулушкан.

"Алар менен РИИБдин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иши жүргүзүлөрүн билдирген соң чогулгандар тарап кетишкен", — деп айтылган маалыматта.

Ал эми социалдык тармактарга тараган видеодон милиционердин формасын (майор чининдеги) кийген адамды чогулган жай жарандардын ур-токмокко алганын көрүүгө болот. Кээ бирлери урбаш керектигин айтып, "начальник келсин" деп талап кылган. Кадрдан анын формасы тытылып кеткендиги даана байкалат. 

Социалдык тармактагы дагы бир видеодон милиционердин формасын кийген кишинин келип "Эмне болду?!" дегени ошол жерде тургандардын ачуусун келтиргенин боолголоого болот.

Мурдагы тараган дагы видеодо турган элдин болгон окуяны талкуулап жаткандыгын угууга болот. Жергиликтүү эл шектүү жоопкерчиликтен качып, кутулуп кетет деп тынчсызданып жаткандыгын айтышкан.

1114
Белгилер:
Кыргызстан, Сокулук району, зордуктоо, шектүү, милиция, ур-токмокко алуу
Тема боюнча
Бишкектин Октябрь райондук милиция кызматкери издөөгө алынды. Сүрөт

Бишкекте бир бөлмөлүү "элиткалар" 3 000 долларга арзандады. Батирлердин баасы

0
2021-жылдын ноябрь айында Бишкекте батирлердин дээрлик бардык категориясына болгон баа өстү. Бирок айрым түрлөрү, тескерисинче, арзандаган.
Бишкекте сатылган батирлердин баасы

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык маалымат булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп, өткөн ай менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо үчүн 1 207 жарыяга көз жүгүртүп, анализдеп чыктык.

Ноябрда ордо калаада өткөн айларга салыштырмалуу батирлердин дээрлик бардык түрү кымбаттаган. 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирдин орточо баасы 1 700 долларга жогорулаган. Жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлер, тескерисинче, 1 100 долларга арзандаганы маалым болду.

Жеке типтеги эки бөлмөлүү үйлөр 100 долларга көтөрүлүп, 41 600 доллардан сатылууда. Ал эми ичин өзү жасап ала турган бир бөлмөлүү "элиткалардын" баасы 3 000 долларга түшкөн.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) канчадан сатылып жатканын көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына таянсак, ноябрь айында Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлердин баасы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 31 700 доллар (26 500дөн 35 500гө чейин);
  • 105-серия — 29 500 (23 500дөн 36 500гө чейин);
  • 106-серия — 33 000 (25 900дөн 42 500гө чейин);
  • мейманкана тибиндегилер — 7 000 (6 000ден 9 000ге чейин).

Бир бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:

  • Жеке типтегилери (18ден 52 чарчы метрге чейин) — 29 400 (16 500дөн 43 000ге чейин);
  • Өзү жасап ала тургандары (32ден 65 чарчы метрге чейин) — 28 000 (19 000ден 42 400гө чейин).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 37 600 доллар (31 500дөн 48 800гө чейин);
  • 105-серия — 42 500 (28 500дөн 52 500гө чейин);
  • 106-серия — 46 100 (34 800дөн 58 500гө чейин);
  • мейманкана тибиндегилер — 33 500 (23 200дөн 44 000ге чейин).

Эки бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:

  • Жеке типтегилери (41ден 99 чарчы метрге чейин) — 41 600 (22 500дөн 68 300гө чейин);
  • Өзү жасап ала тургандары (49дан 94 чарчы метрге чейин) — 46 100 (25 000ден 85 000ге чейин).

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 45 000 доллар (33 500дөн 60 000ге чейин);
  • 105-серия — 53 100 (24 000ден 73 000ге чейин);
  • 106-серия — 59 700 (40 800дөн 89 000ге чейин);
  • мейманкана тибиндегилер — 40 900 (23 000ден 51 000ге чейин).

Үч бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:

  • Жеке типтегилери (46дан 160 чарчы метрге чейин) — 54 200 (29 000ден 126 000ге чейин);
  • Өзү жасап ала тургандары (75тен 125 чарчы метрге чейин) — 73 300 (42 500дөн 120 000ге чейин).
0
Белгилер:
Бишкек, батир, баа, анализ, элитка
Тема боюнча
Ижарага батир издеп жүрөсүзбү? Ноябрдагы баалар