Кыргызстанда пневмониядан 40, коронавирустан 6 адам кайтыш болду

© AFP / ALEX MCBRIDEСитуация в Южном Судане из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Южном Судане из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө COVID-19 жугузуп алып көз жумган адамдардын саны 122ге жетти. Ал эми пневмониядан 350 киши ажал тапты.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде кооптуу вирус жугузган 46 адам каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, кечээтен бери коронавирус илдети алты бейтаптын өмүрүн алды. Ал эми өпкөнү сезгенткен пневмонияга чалдыккан 40 адам каза болду.

Алдыда оор сыноо күтүп турат, чыдамдуу бололу. Суракматов шаардыктарга кайрылды

Коронавирустан каза болгондор:

  • Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан 90 жаштагы эркек киши;
  • Жайыл аймактык ооруканасынан 69 жана 70 жаштагы эки аял;
  • Жалал-Абад облустук ооруканасынан 49 жана 53 жаштагы эркек киши;
  • Нарын облустук ооруканасынан 61 жаштагы аял.

Ал эми пневмониядан көз жумгандардын 26сы Бишкекте, калган 14ү өлкөнүн башка аймактарынан катталды.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жугузуп алып көз жумган адамдардын саны 122ге жетти. Ошондой эле пневмониядан март айынан бери 350 киши ажал тапты.

Белгилей кетсек, буга чейин дарыгерлер дагы, бийлик өкүлдөрү дагы пневмония бул коронавирустун кесепетинен келип чыккан оору экенин айтышкан. Бирок COVID-19 менен пневмониянын статистикасы эки бөлөк берилүүдө.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0