Көлдө жүк ташыган унаа менен кагышкан машинанын үч жүргүнчүсү мерт болду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРДТП на автодороге Балыкчи-Кочкор
ДТП на автодороге Балыкчи-Кочкор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргаша Балыкчы — Кочкор жолунун төртүнчү чакырымында каталып, Volkswagen Passat жеңил автомашинасы менен Shacman жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, окуя 9-июль күнү саат 10.00дөр чамасында Балыкчы — Кочкор жолунун төртүнчү чакырымында болгон. Анда Volkswagen Passat жеңил автомашинасы менен Shacman жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

1/2
Балыкчы шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду
2/2
Билдирүүгө ылайык, окуя 9-июль күнү саат 10.00дөр чамасында Балыкчы — Кочкор жолунун төртүнчү чакырымында болгон.
1/2
Балыкчы шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду
2/2
Билдирүүгө ылайык, окуя 9-июль күнү саат 10.00дөр чамасында Балыкчы — Кочкор жолунун төртүнчү чакырымында болгон.

Анын кесепетинен 46 жаштагы эркек, 42 жаштагы аял жана 12 жаштагы өспүрүм көз жумган. Ал эми сегиз жаштагы кыз, 14 жана 16 жаштагы эки бала ооруканага Тез жардам унаасы менен жеткирилген.

Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги

Каргаша болгон жерге ӨКМдин төрт куткаруучусу, дарыгерлер жана милиция кызматкерлери барган.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0