Балыкчы шаарына жакын жерде болгон жол кырсыгынан каза болгон үч киши

Ысык-Көл: жол кырсыктан каза болгон үчөө күйөөсү, аялы, баласы болуп чыкты

1029
(жаңыланган 13:19 10.07.2020)
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарына жакын жерде болгон жол кырсыгынан каза болгон үч киши бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болуп чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-июль күнү саат 10.20лар чамасында Балыкчы ШИИБине Торугарт — Бишкек автоунаа жолунун 189-чакырымында эки унаа сүзүшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн.

Ысык-Көл: Honda Stepwgn менен Audi сүзүшүп төрт адам мерт кетти

"Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, Балыкчы шаарынын 46 жаштагы тургуну айдап бараткан Volkswagen Passat жеңил автомашинасы менен 50 жаштагы айдоочу башкарган Shacman жүк ташуучу унаасы кагышканын аныктаган. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу, анын 42 жаштагы келинчеги жана 12 жаштагы уулу каза болгон. Андан сырткары, сегиз жаштагы кызы, 14 жана 16 жаштагы эки бала түрдүү жаракат менен шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген", — дешти милициядан.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

1029
Белгилер:
тергөө, жол кырсык, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (195)
Тема боюнча
Чүйдө "Жигули" менен маршрутка кагышып, кырсык бир адамдын өмүрүн алды
Талкаланыптыр! Бишкекте жеңил унаа тосмону сүзүп, чуңкурга түшүп кетти. Сүрөт, видео
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги
Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейруттагы митингдер күч алды. Акыркы маалыматтар видеодо

98
(жаңыланган 00:44 09.08.2020)
Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясына чыккандар бир нече министрликти басып алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

Буга чейин митингчилер ТИМдин имаратына кирип, артынан полиция барганы айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, тартип сакчылары элди кууш үчүн ок чыгарган. Бирок расмий тараптар бул маалыматты төгүндөп жатат.

Жеринде тартылган видеолор RT Телеграм-каналында жана Твиттерде жарыяланып жатат.

Акыркы маалыматтарга караганда, жабыркагандардын саны 170ке жетти. Бир нечеси ооруканага жеткирилди.

Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Ошондой эле бир полиция кызматкери өлгөнү маалым болду. Ал Le Grey мейманканасындагы кагылышууда жаракат алган.

Өлкөнүн премьер-министри Хассан Диабдын элге кайрылуусунда өкмөттүн эмки жыйынында мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштай турганын айтты. Анын пикиринде, ушул чечим гана өлкөнү кризистен куркарып кала алат.

​Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

98
Белгилер:
полиция, эл, митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж
Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео
Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео

130
(жаңыланган 23:24 08.08.2020)
Ливандын жакында эле ири жарылуу болгон борбор шаарында жарандар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Нааразы болгон эл өкмөттүн отставкасын талап кылууда.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясы башталып, чогулган эл Ливандын Тышкы иштер министрлигинин имаратына кирип барды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

RT Телеграм-каналына акцияга чыккан эл жана талкаланган шаар көрсөтүлгөн видеолор жарыяланды.

Ашрафия районунда жайгашкан ТИМ имаратына "Бейрут — ашкерлешүүдөн арылган шаар”, “Революция борбору” деген жарнактарды көтөргөн тургундар басып киришти.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасы жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда. Кызыл Крест коому менен Жарандык коргонуу мекемелеринин автоунаалары жеринде иштеп жатат.

Кагылыш учурунда 109 адам жабыркап, 14ү ооруканага жеткирилди. Акыркы маалыматтарга караганда, Бейруттагы жарылуудан 154 киши каза болуп, 120 киши оор абалда ооруканада жатат.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

130
Белгилер:
кагылышуу, шаар, полиция, эл, Митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж