Кайгуул милициянын унаасы айланма жолдо кырсыкка кабылды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул кызматынын унаасы. Архив
Кайгуул кызматынын унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машина Lexus RX330 автоунаасы менен кагышкан. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, кроссовердин айдоочусу трассага эки жагын карабай чыга калган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкектен алыс эмес айланма жолдо Кайгуул милициясынын автоунаасы кырсыкка кабылганын "Короче" Telegram-каналы кабарлады.

Окуя бүгүн болжол менен саат 16.30дар чамасында айланма жолдун Махатма Ганди көчөсү менен кесилишкен жеринде болгон. Күбөнүн айтымында, машина Lexus RX330 автоунаасы менен кагышкан.

Көлдө жүк ташыган унаа менен кагышкан машинанын үч жүргүнчүсү мерт болду. Сүрөт

Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык болгонун тастыктады. Алдын ала маалымат боюнча, кроссовердин айдоочусу трассага эки жагын карабай чыга калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0