Бишкекте микроавтобус ЧЧКга түшүп кетти. Видео

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшкөн унаа. Архив
Сууга түшкөн унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы окуя болгон жерге чыгып кеткен экипаж автоунааны таппай койгонун белгиледи.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кайгуул милициясы бүгүн Кара жыгач токоюнда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен микроавтобусту издеп жатат. Бул тууралуу аталган органдар билдиришти.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.

Кадрларда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобус каналга түшүп кеткенин көрүүгө болот.

Кайгуул милициянын унаасы айланма жолдо кырсыкка кабылды. Видео

Кайгуул милициясы окуя болгон жерге чыгып кеткен экипаж автоунааны таппай койгонун, мындан улам издөө аракеттери башталганын белгиледи.

Ал эми ӨКМ саат 15.30дарда Үсөнбаев көчөсүнө чакыруу түшкөнүн, автоунааны адамдар өз алдынча суудан чыгарып алганын билдирди. Куткаруучулар иштеген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0