COVID менен пневмония бир күндө 48 кыргызстандыктын өмүрүн алды

© REUTERS / Vladimir PirogovСитуация в Бишкеке на фоне пандемии коронавируса
Ситуация в Бишкеке на фоне пандемии коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Март айынан бери пневмония дарты 423 адамдын өмүрүн алды. Ушул эле аралыкта коронавирустан 132 киши каза болду.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир күндө кооптуу вирустун кесепетинен 48 адам кайтыш болду. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Анын ичинен COVID-19 инфекциясынан жети адам көз жумуп, алардын төмөнкү ооруканаларда дарыланып жатканы айтылды:

  • Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасында — 37 жана 57 жаштагы эркек киши, 58 жаштагы аял;
  • Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында — 57 жаштагы аял;
  • Ат-Башы аймактык ооруканасында — 64 жаштагы аял;
  • Жайыл аймактык ооруканасында — 36 жана 52 жаштагы эркек киши.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан көз жумгандарын саны 132 кишини түздү.

COVID жана пневмонияны дарылаган ооруканаларга бирден өкмөт мүчөсү бекиди. Тизме

Ал эми өпкөнү сезгенткен пневмония оорусунан кечээтен бери 41 бейтап ажал тапты.

Каза болгондордун 19у Бишкекте, 22си өлкөнүн башка аймактарында катталды.

Март айынан бери пневмония дарты 423 адамдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0