Кечээ Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кичи автобустун айдоочусу табылды

© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаМикроавтобус упал в БЧК
Микроавтобус упал в БЧК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 11-июлда, каналда калкып турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын видеосу жарыяланган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Милиционерлер Кара жыгач токоюнда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кичи автобустун айдоочусун тапты. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 11-июлда, каналда калкып турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын видеосу жарыяланып, анын айдоочусу изделип жатканы айтылган

Талкаланыптыр! Бишкекте жеңил унаа тосмону сүзүп, чуңкурга түшүп кетти. Сүрөт, видео

Бүгүн автоунаа жана анын айдоочусу дагы табылды. Ал жол кырсыгынан эмес, кокустан сууга түшүп кеткени белгилүү болду.

"Кичи автобус Чоң Чүй каналынын чекесине токтотулган. Бирок анын кол менен тартылчу тормозу иштебей калып, машина каналга түшүп кеткен. Жабыркагандар жок", — деп билдирди Кайгуул милициясы.

Милиционерлер айдоочуга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0