Депутат Максат Сабиров. Архивдик сүрөт

Депутат бийликти алмаштырууга чакырык жасаганбы. УКМК иликтеп баштады

358
(жаңыланган 23:00 12.07.2020)
Ведомстводон аудио жазуу, үн боюнча экспертиза дайындалгандыгын айтышты. Анда бийликти кулатууга чакырык болгонбу же жокпу деген суроо такталат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Улутттук коопсуздук боюнча комитет Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров тараткан деп социалдык тармакта айтылган аудио жазуу боюнча иликтөөнү баштады. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул боюнча атайын экспертиза дайындалып, анда мамлекеттин конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүү чакырыгы чын эле болгонбу деген суроо такталат.

Экс-депутат Масалиевдин сынына өкмөт жооп берди

Аудио жазууда эркек киши өлкөдөгү кырдаалды, бийликти сындаган деп айтылган социалдык тармакта.

УКМКдан бул үн жазууга юридикалык баа бериле тургандыгын билдиришкен.

358
Белгилер:
кырдаал, бийлик, чакырык, сын, жазуу, үн, депутат, Максат Сабиров, Кыргызстан
Тема боюнча
"Коронавирусту бийлик ойлоп тапкан" деген ушак тараткан адам кармалды
Кол кишен кармаган ИИМ кызматкерлери. Архив

"Ботош" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

137
(жаңыланган 17:26 22.01.2021)
Ысык-Көлдө бир катар кылмыштарды жасаган деген шек менен кармалган "Ботоштун" кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени аныкталган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун "Ботош" аттуу каймана аты бар О.А.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

В Иссык-Кульской области задержан член организованной преступной группировки О. А. по прозвищу Ботош,
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун "Ботош" аттуу каймана аты бар О.А.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалды

Ал Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени дагы аныкталган.

В Иссык-Кульской области задержан член организованной преступной группировки О. А. по прозвищу Ботош,
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Ал Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени дагы аныкталган.

2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен "Ботошту" камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканы кошумчаланды.

137
Белгилер:
УКМК, уюшкан кылмыштуу топ
Тема боюнча
Автомат такап, баса калып... Спецназ кримтөбөл "Алтуханы" кармаган видео
Кайгуул милициясынын унаасы. Архив

Бишкекте Кайгуул милициянын унаасы өкмөттүк трассада аялды сүзүп кетти

158
(жаңыланган 13:15 22.01.2021)
Кырсыкта жабыркаган аял атайын унаа менен ооруканага жеткирилген. Ал эми автоунаа айып жайга киргизилген.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте Кайгуул милициянын унаасы Чыңгыз Айтматов проспектисинде улгайган аялды сүзүп кетти. Бул маалыматты шаардын Кайгуул милициясы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикулов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, окуя кечээ, 21-январда, саат 10:00дө катталган. Патрулдук милициянын версиясы боюнча Айтматов проспектиси менен Славянский көчөсүнүн кесилишинде жолго чуркап чыга калган 62 жаштагы аялды айдоочу коюп кеткен. Жабырлануучу атайын унаа менен ооруканага жеткирилген.

Окуядан кийин милициянын кызматтык унаасы айып короого киргизилген. Маалымат катчы кырсык боюнча материалдар тергөө бөлүмүнө берилгенин кошумчалады.

Чыңгыз Айтматов проспектиси өкмөттүк трасса болуп саналат. Ал жол менен президент мамлекеттик резиденциядан Ак үйгө каттайт.

158
Белгилер:
автоунаа, Кайгуул милициясы, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Карап туруп эле сүзүп алды. Токмокто адамды автоунаа койдуруп кеткен видео
Атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив

Жыргап күлүп, кучакташып... Макгрегор менен Порьенин көз караштар таймашы

0
(жаңыланган 22:32 22.01.2021)
Эки белгилүү мушкердин кармашы жекшембиде Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтөт. Атлеттер жети жыл мурун октагондо кезигишкен.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. UFC 257 турниринин алдында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье көз караштар таймашын өткөрүштү. Видео уюмдун расмий Instagram баракчасына жүктөлдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Видеодон Конор Дастинге сес көрсөтүмүш болгону менен акырында экөө тең күлүп, кучакташып, жадагалса тамалашканга да үлгүрүшкөн.

Бул иш-чара спортчулар салмакка түшкөндөн кийин уюштурулган. Таразага түшкөн Макгрегор адатынча кыйкырып алганын көрүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Кармаш 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтөт. Атлеттер жылдызы жанып келе жаткан мезгилде, 2014-жылы беттешип, ирландиялык спортчу биринчи эле раундда техникалык нокаут менен уткан.

Арадан алты жыл өткөндөн кийин алар чыныгы такшалган мушкер катары кайра беттешип жатышат. Жеңүүчү жеңил салмактагы чемпиондук наамга башкы талапкер болот. Ошондуктан утуп чыгуу экөө үчүн тең өтө маанилүү.

0
Белгилер:
видео, кармаш, Дастин Порье, Конор Макгрегор, UFC
Тема боюнча
Макгрегор — Порьенин кармашын кайдан көрүүгө болот? Түз эфирлердин тизмеси
UFC: Хабиб Нурмагомедовдун иниси алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды. Видео