Баткенде сел турак үйлөрдү каптап, жеңил унааны агызып кетти. Видео

© Sputnik / Анатолий УстиненкоПоследствия схода селевого потока в крупнейшем городе Казахстана Алма-Ате
Последствия схода селевого потока в крупнейшем городе Казахстана Алма-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табигый кырсыктын кесепетинен турак жайлар жабыркап, айылдарга электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Эки күндөн бери Баткен районунда сел жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облусундагы башчысынын орун басары Асылбек Ысманов билдирди.

Анын айтымында, 12-13-июль күндөрү жүргөн сел Баткен районуна караштуу Кыштут айылында жолдорду, арыктарды, көпүрөнү жууп кетти. Ошондой эле сел үйлөргө кирип, айылдыктарга электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.

Тоңдо сел жүрүп, чоң жолдун бир бөлүгүн алып кетти. Видео

Ал эми 13-июлда кечки саат 17.30дар чамасында Баткен шаарында сел жүрүп, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаа агып кетти. Машинанын ичинде адамдар болгон эмес. Окуя болгон аймакка бир нече куткаруучу тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0