Бишкекте айдоочу милиция кызматкерин сүзүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуржкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуржкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык бүгүн кеч курун Горький — Белорусская көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабыркаган милиция кызматкери ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бишкекте Audi үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу тартип коргоо кызматкерин сүзүп кеткенин Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсык бүгүн, 14-июлда, саат 19:30дарда Горький — Белорусская көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"29 жаштагы жигит Горький көчөсү менен күн батыш тарапты көздөй бара жатып Белорусская көчөсүнө жетпей жөө жүргүнчүлөр өтчү чийинден милициянын кайгуул кызматынын өкүлүн сүзүп алган", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкеринин ооруканага жеткирилгени кошумчаланды. Ал эми айдоочу канында алкоголь бар-жогун аныктоо үчүн наркология бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0