Бишкектеги Ботаникалык бакка эмнеге атайылап өрт коюшту. ӨКМдин жообу

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүТокойдогу өрт. Архив
Токойдогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуяга күбө болгондор өрттүн сүрөтүн социалдык тармакка жарыялады. ӨКМден бул капыстан эмес, көзөмөлгө алынган өрт экендигин айтышты.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкекте Ботаникалык бактын бир бөлүгү күйүп жаткандыгын шаардыктар билдиришкен.

Сүрөттөр "Бишкек сегодня" Telegram-каналына жарыяланган.

ӨКМден Ботаникалык бактын кызматкерлери чөптү профилактика иретинде күйгүзүп жактандыгын айтышты. Муну алар жай мезгилинде өрттүн көп чыгышын эске алып, атайын от койгондугу менен түшүндүрүшкөн. Ал жерде ӨКМдин атайын бригадасы көзөмөл кылып турат.

Былтыр пландалган мындай өрт 23-июлда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0