Рулга ээ боло албай бакты, анан дүкөндү сүзүп... Аламүдүндөгү кырсыктын видеосу

Жазылуу
Машина Алматы көчөсү менен бара жаткан. Кырсыктан оор жаракат алгандар жок экени айтылды. Жабыркаган айдоочуга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бүгүн Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында жол кырсыгы катталганын Чүй облустук ЖКККБнын маалымат кызматынан Темирлан Мирсадык уулу тастыктады.

Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай алгач бакты, андан соң дүкөндү сүзгөн. Окуянын видеоу "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Караколдо кырсыкка кабылган автоунаа аласалып кетти. Видео

"Бүгүн кечки саат 20:30дар чамасында Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагында түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган. Анда айдоочу рулга ээ боло албай бакты сүзүп, андан кийин жол жээгиндеги дүкөндүн эшигин каккан. Натыйжада айдоочу гана жабыркаган. Жол кырсыгынан башка жаракат алгандар катталган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Айдоочуга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0