Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Николай Танаев көз жумду

© AFP / FREDERIC BROWNКыргызстандын экс премьер-министри Николай Танаев. Архив
Кыргызстандын экс премьер-министри Николай Танаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым маалыматтар боюнча, экс-премьер Санкт-Петербург шаарында жашап келгени айтылууда. Ал өкмөт башчылыктан 2005-жылдагы март окуяларынан кийин кеткен.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстандын экс премьер-министри Николай Танаев көз жумганын Sputnik агенттигине саясатчы Феликс Кулов тастыктады.

© AP Photo / AZAMAT IMANALIEVКыргызстандын экс премьер-министри Николай Танаев
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Николай Танаев көз жумду - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын экс премьер-министри Николай Танаев

Кулов Танаев эмнеден көз жумганын айткан жок.

"Николай Танаев бүгүн каза болду. Бул тууралуу мага кесиптештери айтты, андан башка маалыматым жок", — деди саясатчы.

Ал арада айрым ЖМКлар ал узакка созулган оорудан көз жумганын жазышууда. Кээ бир маалыматтарга караганда, акыркы жылдары ал Санкт-Петербургда жашап, "Газпром" ишканасында эмгектенген.

Николай Танаев 2002-2005-жылдары өкмөттү жетектеген. 2005-жылдын 24-мартында элдик көтөрүлүштөн кийин кызматтан кеткен. Ал кезде Акаев дагы бийликтен кол жууган.

Жаңылыктар түрмөгү
0