Пакистандык студенттерди тоодон токмоктоп кетишкен. Милиция шектүүлөрдү издөөдө

CC0 / Pavlofox / Муштум. Архив
Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары Пакистандын тургундары сабалганын жазып чыгышкан. Милиция ишти көзөмөлгө алып, кылмыш ишин козгоду.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жаратылыш койнуна чыккан пакистандык жарандарды сабап кетишкен. Милиция шектүүлөрдү издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ШИИБ маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин аталган учур боюнча социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышкан. Интернетке тараган маалыматка ылайык, окуя "Теплые ключи" эс алуу комплексине жакын жерде болгон. Кыргызстан эл аралык университетинин медициналык факультетинде билим алган чет өлкөлүк студенттер аталган жерге эс алууга чыкканда аларды сабап кетишкен. Ур-токмокко кабылган чет өлкөлүк студенттердин арасында Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бирине жумушка алынган Аббас Али Шах аттуу студент бар экени айтылды. Буга чейин айрым ЖМКлар ал коронавирус жуктурган бейтаптарга акысыз жардам бере турганын жазышкан. Интернеттин колдонуучулары чет өлкөлүк жарандарга жасалган мындай мамилеге нааразы болушууда.

Бишкекте акча алмаштыруу жайын тоноого шектелип "актер" кармалды. Фото

Чүй ШИИБи билдиргендей, 19-июлда милицияга Пакистандын бир жараны кайрылып, аны сабагандарга чара колдонууну өтүнгөн.

Андан кийин анын дагы төрт мекендешинен ушундай эле кайрылуу келип түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барганда мушташтын катышуучулары качып кетишкен. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, чет өлкөлүк жарандарды сабагандар изделип жатканы кошумчаланды.

Бишкекте дарыны кымбаттатып саткан шектүү кармалды

Жаңылыктар түрмөгү
0