Баткендин Кадамжай районунда жер титиреди

© AFP / TED ALJIBEСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болбогондугун кошумчалады.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянып кабарлады.

Жердин силкинүүсү 21-июлда саат 11:47де катталып, күчү 3 баллга жеткен.

"Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Шуран аймагында 3 балл, Совет, Бел-Суу жана Алга айылдарында 2,5 балл болду", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болбогондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0