ИИМ: Москвада кыргызстандык кыздарды жазалагысы келгендер изделе баштады

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПарк "Зарядье" в Москве
Парк Зарядье в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү иликтөөнүн жыйынтыгында күнөөлүүлөр табылса, Россиянын мыйзамдарына ылайык жоопко тартыларын эскертет.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москвада жүргөн кыргызстандык кыздарга карата зордук-зомбулук мамилеге үндөгөн чакырыктар боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда жаш балдардан турган топ Россияда иштеп жүргөн кыздар башка улуттагы жигиттер менен мамиледе болгонун билер замат аны жазалоого чакырып жаткан видео тароодо.

Депутат бийликти алмаштырууга чакырык жасаганбы. УКМК иликтеп баштады

ИИМдин бул мамлекеттеги өкүлчүлүгү иликтөөнүн жыйынтыгында күнөөлүүлөр табылса, Россиянын мыйзамдарына ылайык жоопко тартыларын эскертет.

Ошондой эле мындан ары айтылгандай мазмундагы видеолор тарабаш үчүн кыргыз диаспорасы менен жолугушуу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0