Бишкекте эки баланы автоунаа коюп кетти. Видео

© Фото / Pixabay/ PexelsАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык бүгүн борбор калаанын Некрасов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде саат 17.00дөр чамасында болгон.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкекте эки баланы автоунаа коюп, экөө тең ооруканага түштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык бүгүн Некрасов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде саат 17.00дөр чамасында болгон.

Окуядан кийин тартылды делген видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланган.

Кадрлардан жабырлануучулар автоунаанын алдында жатканы жана тегеректеги эл чогулуп калганын көрүүгө болот.

Рулга ээ боло албай бакты, анан дүкөндү сүзүп... Аламүдүндөгү кырсыктын видеосу

Маалыматка караганда, балдар ооруканага жеткирилип, автоунаа айып короого киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0