Бишкекте автоунаа коюп кеткен киши каза болду. Жеринде тартылган видео

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуДэн Сяопин көчөсүндө болгон жол кырсыгы
Дэн Сяопин көчөсүндө болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы саат 17.20лар чамасында Дэн Сяопин көчөсүндөгү №34 үйдүн жанында болгон. Жабырлануучу алган жараатынан улам көз жумду.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкекте жолтандабас артынан келип сүзгөн жеңил унаага урунган жөө жаран каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы саат 17.20лар чамасында Дэн Сяопин көчөсүндөгү №34 үйдүн жанында болгон.

“Жолтандабас Mazda Demio автокөлүгүнүн артынан сүзүп, ошол маалда жеңил авто алдындагы жөө адамды кагып алган. Жабырлануучу алган жараатынан улам көз жумду”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Окуядан кийин тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланган.

Анда жеңил унаа бир топ талкаланып калганын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0