Көлдүн Ананьево айылында үч автоунаа кагышты. Кырсыктын сүрөтү

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуЫсык-Көл облусуна караштуу Ананьево менен Жаркынбаев айылдарынын ортосунда болгон жол кырсыгы
Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево менен Жаркынбаев айылдарынын ортосунда болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын облустук бөлүмү жол кырсыгы болгонун тастыктап, окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөп кеткенин белгиледи.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево менен Жаркынбаев айылдарынын ортосунда үч унаа кагышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, кырсык бүгүн саат 21.00дөр чамасында болгон. Каргашанын кесепетинен бир кишинин ошол жерден каза таап, дагы бир жүргүнчүнү Тез жардам кызматы алып кеткени айтылды.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын облустук бөлүмү жол кырсыгы болгонун тастыктап, окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөп кеткенин белгиледи.

Бишкекте автоунаа коюп кеткен киши каза болду. Жеринде тартылган видео

Кошумча маалымат берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0