Баткенде ири суммага алдап кетти делген аял 10 жылдан кийин Москвадан кармалды

© AFP / ALEXANDER NEMENOV Аял кишенчен. Архив
Аял кишенчен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунун 50 жаштагы тургуну ири өлчөмдөгү акчага алдап кетүү беренеси боюнча изделип жаткан.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын укук коргоо органдары менен биргеликте 10 жылдан бери издөөдө жүргөн аялды кармашты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын укук коргоо органдары менен биргеликте 10 жылдан бери издөөдө жүргөн аялды кармашты
Баткенде ири суммага алдап кетти делген аял 10 жылдан кийин Москвадан кармалды - Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын укук коргоо органдары менен биргеликте 10 жылдан бери издөөдө жүргөн аялды кармашты

Билдирмеге караганда, Баткен облусунун 50 жаштагы тургуну ири өлчөмдөгү акчага алдап кетүү беренеси боюнча айыпталып, Баткен шаардык милициясы тарабынан издөө жарыяланган.

Бактыңды ачып берем деп... Ошто адамдарды алдады деген шектүү аял кармалды. Сүрөт

Кармалган аял кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Москва — Бишкек чартердик авиакаттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлүп, андан ары Баткен шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0