Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаган бала өмүр бою эркинен ажыратылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАбактагы бала. Архив
Абактагы бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Cоттолуучунун жактоочусу өкүмгө макул болбой, апелляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган.

ОШ, 28-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жашар кызды зордуктоого шектелген улан күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 28-январында жабырлануучунун энеси 10 жаштагы кызы мектептен үйүнө баратканда бейтааныш жигит коркутуу менен зордуктаганын айтып милицияга кайрылган.

Бул факт Ноокен РИИБи тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 5-февралда Ноокен районунун 18 жаштагы тургуну шектүү катары кармалган.

Зордукталган өспүрүм: шектүү ЖМКга маалымат тарагандан кийин гана кармалды

Ноокен райондук соту айыпталуучуну "Зордуктоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Ал эми соттолуучунун жактоочусу өкүмгө макул болбой, апелляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0