Өрт өчүрүүчүлөр жумуш учурунда

Бишкекте кафеден өрт чыкты. Видео

156
(жаңыланган 17:02 30.07.2020)
ӨКМден жеринде үч өрт өчүрүүчү автоунаа иштеп жатканын айтышты. Өрттүн чектелиши жана себептери тууралуу маалымат берилген жок.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкекте Медеров көчөсүндөгү № 63 үй күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсык болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Күбөлөрдүн айтымында, аталган имаратта жайгашкан "Людмила" кафеси өрттөнүүдө.

ӨКМден жеринде үч өрт өчүрүүчү автоунаа иштеп жатканын айтышты. Өрттүн чектелиши жана себептери тууралуу маалымат берилген жок.

156
Белгилер:
өрт, кафе, үй, Бишкек
Тема боюнча
Үстүнө опалубка түшкөн. Ак-Өргөдө өрт өчүрүүгө барган машина күйүп кетти
Бишкектин чок ортосунда терек үч автоунааны басып калды. Видео
Кочкор районунун тушунда болгон жол кырсыгы

Кочкордун тушунда эки машина кагышып, жабыркагандар ооруканага жетпей үзүлдү

10
(жаңыланган 14:22 01.10.2020)
Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын ичине 60 жаштагы эркек киши менен 56 жаштагы аял кыпчылып калган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кочкор районунун тушунда "ГАЗ-53" жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина кагышып, эки адам ооруканага жетпей көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

  • В Кочкорском районе Нарынской области столкнулись грузовик и легковое авто, погибли два человека
    Кочкор районунун тушунда "ГАЗ-53" жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина кагышып, эки адам ооруканага жетпей көз жумду
  • В Кочкорском районе Нарынской области столкнулись грузовик и легковое авто, погибли два человека
    Кырсык 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында катталган.
1 / 2
Кочкор районунун тушунда "ГАЗ-53" жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина кагышып, эки адам ооруканага жетпей көз жумду

Билдирмеге ылайык, кырсык 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында катталган.

"Каргашанын кесепетинен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын ичине 60 жаштагы эркек киши менен 56 жаштагы аял кыпчылып калган. ӨКМдин куткаруучулары аларды автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Тилекке каршы, жабыркагандар Кочкор райондук ооруканага жетпей көз жумганы кошумчаланды.

10
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, Нарын облусу, Кочкор, ӨКМ
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Кишилерди кууп барып бус менен тебелетип... Кызыл-Кыядагы окуянын видеосу
Маршрутка. Архив

Кишилерди кууп барып бус менен тебелетип... Кызыл-Кыядагы окуянын видеосу

777
(жаңыланган 12:43 01.10.2020)
Азыркы күндө автоунаанын ээси аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерден 28 жаштагы жаран жараат алып, жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Интернет айдыңында кичи автобустун караңгыда аянтчада айланып, элди тебелетип жаткан видеосу тарап, ал "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Окуянын кандай болгонун Баткен ИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

"25-сентябрь күнү саат 20.00дөр чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү спринтер койдуруп, ал жерден из жашырып кеткен. Азыркы күндө автоунаанын ээси аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерде 28 жаштагы жаран денесинен жараат алып, жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн", — деп айтылган маалыматта.

Видеодон ал жерде кишилер чырылдап качып, ал эми бусиктин алардын артынан кууп барып тебелетип жаткандыгын көрүүгө болот.

Бишкекте айдоочу күчүктү артынан кууп барып тебелетип кетти. Видео

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Жазык кодексинин 297, 266 ("Жол кырсыгы"), ("Ээнбаштык") беренелери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милициядан тийиштүү экспертизалар дайындалгандыгын кошумчалашты.

777
Белгилер:
милиция, маршрутка, Кызыл-Кыя, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Машина тебелеп кеткен Эдилдин эжеси: жок дегенде арабага отургузганга операция керек!