Велосипедчен адам. Архив

Талас башчысынын "кеңешчиси" сүзгөн велосипедчи көз жумду. Мураталиев үн катты

2250
(жаңыланган 15:17 02.08.2020)
Кечээ айрым ЖМКларда Талас башчысынын кеңешчиси делген Марслатбек Шералиев велосипедчен адамды коюп кеткендиги тууралуу жазышкан болчу.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев кечээ анын кеңешчиси жол кырсыгына кириптер болуп, велосипедчен адамды сүзүп кеткен деген окуя боюнча Sputnik агенттигине комментарий берди.

Эске сала кетсек, кечээ, 30-июлда, социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда Талас башчысынын кеңешчиси Марслатбек Шералиевдин велосипедчен адамды коюп кеткендиги тууралуу жазылган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айтымында, окуя кечээ 17.30дарда Талас районунун Көк-Токой айылында болгон. Анда Toyota 4Runner айдаган 53 жаштагы Ш.М. жолдун четинде велосипед менен келе жаткан 23 жаштагы А.А. аттуу кишини коюп кетип, андан ары токтоп турган Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Окуядан жабыркаган велосипедчи аймактык оорукана жеткирилген. Жол кырсыгы Талас райондук ИИБде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле экспертизанын жыйынтыгы унаанын айдоочусу мас экенин аныктаган. Тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген.

Бирок Таластын башчысы Марат Мураталиев ал айдоочу расмий түрдө өкүлчүлүктө иштебей турганын айтып, кээде кеп-кеңешин айтып турганын билдирди. Ал эми жаракат алган велосипедчинин бүгүн ооруканада каза болуп калганын айтты.

Бишкекте автоунаа коюп кеткен киши каза болду. Жеринде тартылган видео

"Марслатбек Шералиев өкүлчүлүктө штаттык кызматта иштебейт. Көп жылдан бери кеңешин, жардамын берип келет. Мен окуя боюнча эч нерсе деп айта албайм, учурда мыйзам чегинде иш алып барып жатышат. Өкүл катары кырсыктан жаракат алган баланы көргөнү кечинде жана эртең менен баргам. Комада жаткан. Тилекке каршы, жакынкы саттарда каза болуп калды", — деди Мураталиев.

Ал кылмышка шектүү "афганчы" жана Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) запастагы полковниги экенин кошумчалады.

2250
Белгилер:
өлүм, велосипед, жол кырсык, Марат Мураталиев, Талас
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (190)
Тема боюнча
Көлдүн Ананьево айылында үч автоунаа кагышты. Кырсыктын сүрөтү
Ош облусунда уурулукка шектелип кармалган жараныдн үйүнөн табылган алтын буюмдар

1,5 млн. сомдук сөйкөлөр. Оштогу шектүүнүн жер төлөсүнөн уурдалган алтындар табылды

60
(жаңыланган 17:26 04.08.2020)
Учурда кармалган шектүүнүн мындан башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун милиция иликтеп жатат.

ОШ, 4-авг. – Sputnik. Ош облусунун аймагында алтын буюмдарды уурдоого шектүү киши кармалып, үйүнүн жер төлөсүнөн 1,5 миллион сомдук сөйкө, шакек, чынжырчалар – зер буюмдар табылды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Багида Кармышакова билдирди.

  • У жителя Кара-Сууйского района Ошской области в доме были найдены краденные золотые изделия с примерной стоимостью в 1,5 миллиона сомов найденные
    Ош облусунун аймагында алтын буюмдарды уурдоого шектүү киши кармалып, үйүнүн жер төлөсүнөн 1.5 миллион сомдук сөйкө, шакек, чынжырчалар – зер буюмдар табылды
    © Фото / пресс-служба УВД Ошской области
  • У жителя Кара-Сууйского района Ошской области в доме были найдены краденные золотые изделия с примерной стоимостью в 1,5 миллиона сомов найденные
    Азыркы учурда далил катары алынган алтын буюмдардын наркы такталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
    © Фото / пресс-служба УВД Ошской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба УВД Ошской области
Ош облусунун аймагында алтын буюмдарды уурдоого шектүү киши кармалып, үйүнүн жер төлөсүнөн 1.5 миллион сомдук сөйкө, шакек, чынжырчалар – зер буюмдар табылды

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-июлунда Ноокат РИИБге Ош шаарынын 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал Ноокат шаарында жайгашкан зер буюмдар дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз кирип, 150 000 сом акчасын жана алтындарын уурдап кеткенин билдирген.

Кудум кинодогудай! 20 секундада дүкөндөгү банкоматты уурдап кеткен видео

Жабырлануучунун арызы боюнча Жазык кодексинин 200-беренесинде ("Уурдоо") каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 53 жаштагы тургуну, мурда соттолгон М.А. аттуу киши кармалган. Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

31-июль күнү М.А.нын Шарк айыл аймагындагы турак үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда короосундагы жыйналып турган кыштардын арасынан Кыргызстандын сегиз жаранынын паспорту, эки даана айдоочулук күбөлүк, жети даана банк картасы табылган. Ал эми үйүнүн жер төлөсүндөгү көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн. 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылып, алынган.

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноду деген киши кармалды

Азыркы учурда далил катары алынган алтын буюмдардын наркы такталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Шектүүнүн мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу текшерилип жатат.

60
Белгилер:
уурулук, милиция, жер төлө, буюм, алтын, Ноокат
Тема боюнча
Телевизор уурдагандардын кылыгы соцтармакты күлкүгө салды. Видео
Жалал-Абадда 37 тонна мунай уурдоого шектелген эки киши үй камагына чыгарылды
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив

Жалын чачырап! Ош шаарындагы кафенин өрттөнүп жаткан видеосу

187
(жаңыланган 13:33 04.08.2020)
Учурда Ош шаарындагы кафеден чыккан өрт чектөөгө алынды. Адистер тилсиз жоону өчүрүү аракетинде иштеп жатышат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ош шаарында "Ак-Шумкар" кафеси күйүп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тилсиз жоонун видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Учурда ал жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. Жалын 11:38де чектөөгө алынган.

187
Белгилер:
ӨКМ, өчүрүү, өрт, Ош шаары, Кыргызстан
Тема боюнча
Мэрия: Бишкектеги 11-кичи райондун карьеринде күйгөн таштандылар өчүрүлдү
Түндө Ошто беш үй өрттөндү. Жалынды өчүрүп жаткандагы видео
Дарыгерлер. Архив

Экинчи толкунга даярдык. КРде 18 миңден ашуун медик кайра окутуудан өттү

0
(жаңыланган 17:30 04.08.2020)
Күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп, анын алкагында вирус менен күрөшүү үчүн адистерди окутуп жатат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүчү медицина кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо курстары үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.

Эске салсак, күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп, анын алкагында вирус менен күрөшүү үчүн адистерди окутуп жатышат. Мында башка адистиктеги дарыгерлер коронавирусту жана пневмонияны дарылоону үйрөнүшөт. Өзгөчө азыр Кыргызстанга  инфекционист, кардиолог, терапевт, лаборант жана эпидемиологдор талап кылынууда.

"Мейли ал стоматолог же ортопед болсун, бирок зарыл болгон учурда окуудан өтүп, бекитилген протоколдорго ылайык дарылоого даяр турсун. Алгачкы медициналык-санитардык кызмат көрсөтүү адистерин жаңы клиникалык протоколдорго ылайык дарылоого онлайн-режимде окутуу ишин күчөтүү зарыл. Протоколдорду туура пайдалануу жана тийиштүү дарылоону камсыздоо абдан маанилүү", — деди өкмөт башчы.

"Колдоо керек". Чолпонаталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт

Боронов лаборант жана врачтардын кадрлар резервин сапаттуу даярдыктан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга чейин 18 миңден ашуун адис квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү.

0
Белгилер:
медицина, окуу, дарыгерлер, коронавирус, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстан COVID-19дун кийинки толкунуна кантип кам көрүүдө? Бороновдун жообу