Суу каптаган үй. Архив

Кара-Кулжада сел жүрүп, үйлөрдү каптады. Видео

405
(жаңыланган 13:40 01.08.2020)
Кечээ кечке маал Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 115-чакырымында жана Ош — Папан — Кичи Алай унаа жолунун 82-89-чакырым аралыктарында да сел жүргөн.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жана Алайкуу өрөөндөрүндө сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады. Селдин видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

ӨКМ маалыматты тактап, Кара-Кулжа районунда 31-июль күнү саат 19:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар эки айылды каптаганын билдирди.

"Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Күйөө-Таш айылында жайгашкан алты үйдүн короосун жана Көө-Чаты айылындагы 10 турак үйдүн короосуна суу толгон. Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жерине Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаал башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылган",— деп айтылат билдирмеде.

ӨКМ бул боюнча кошумча маалымат берилерин айтты.

Боомдогу чоң жолду каптаган сел. Бийиктен тартылган сүрөт, видео

Ушул эле күнү кечке маал Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 115-чакырымында жана Ош — Папан — Кичи Алай унаа жолунун 82-89-чакырым аралыктарында сел жүрүп, жолду кум-шагылга толтуруп, автоунаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралганы кошумчаланды.

"Тазалоо иштерине ӨКМдин атайын транспорту тартылып, саат 21:30да унаа жол бир тараптуу тазаланып ачылган. Бүгүн да бул иш уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

405
Белгилер:
ӨКМ, кырсык, жаан, сел, Алайкуу, Кара-Кулжа, Ош
Тема боюнча
Дөңгөлөктөр ыргып... Бишкекте үч унаанын кагышкандан кийинки видеосу
Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейруттагы митингдер күч алды. Акыркы маалыматтар видеодо

116
(жаңыланган 00:44 09.08.2020)
Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясына чыккандар бир нече министрликти басып алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

Буга чейин митингчилер ТИМдин имаратына кирип, артынан полиция барганы айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, тартип сакчылары элди кууш үчүн ок чыгарган. Бирок расмий тараптар бул маалыматты төгүндөп жатат.

Жеринде тартылган видеолор RT Телеграм-каналында жана Твиттерде жарыяланып жатат.

Акыркы маалыматтарга караганда, жабыркагандардын саны 170ке жетти. Бир нечеси ооруканага жеткирилди.

Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Ошондой эле бир полиция кызматкери өлгөнү маалым болду. Ал Le Grey мейманканасындагы кагылышууда жаракат алган.

Өлкөнүн премьер-министри Хассан Диабдын элге кайрылуусунда өкмөттүн эмки жыйынында мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштай турганын айтты. Анын пикиринде, ушул чечим гана өлкөнү кризистен куркарып кала алат.

​Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

116
Белгилер:
полиция, эл, митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж
Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео
Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео

140
(жаңыланган 23:24 08.08.2020)
Ливандын жакында эле ири жарылуу болгон борбор шаарында жарандар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Нааразы болгон эл өкмөттүн отставкасын талап кылууда.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясы башталып, чогулган эл Ливандын Тышкы иштер министрлигинин имаратына кирип барды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

RT Телеграм-каналына акцияга чыккан эл жана талкаланган шаар көрсөтүлгөн видеолор жарыяланды.

Ашрафия районунда жайгашкан ТИМ имаратына "Бейрут — ашкерлешүүдөн арылган шаар”, “Революция борбору” деген жарнактарды көтөргөн тургундар басып киришти.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасы жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда. Кызыл Крест коому менен Жарандык коргонуу мекемелеринин автоунаалары жеринде иштеп жатат.

Кагылыш учурунда 109 адам жабыркап, 14ү ооруканага жеткирилди. Акыркы маалыматтарга караганда, Бейруттагы жарылуудан 154 киши каза болуп, 120 киши оор абалда ооруканада жатат.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

140
Белгилер:
кагылышуу, шаар, полиция, эл, Митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж