Бейруттагы жарылуудан чыккан өрттү өчүрүү

Бейруттагы жарылуудан каза тапкандардын саны 78ге жетти

260
(жаңыланган 09:38 05.08.2020)
Кечээ Ливандын борборундагы порттун жанында көпкө сакталган заттын айынан катуу жарылуу болгон. Трагедияга байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги Бейруттагы ири жарылуудан каза тапкан адамдардын саны 78ге жетип, төрт миңден ашык киши жаракат алганын билдирди. Бул тууралуу "Аль-Жазира" телеканалына таянуу менен РИА Новости жазды.

Ливан бийлиги курман болгондордун саны өсүшү мүмкүндүгүн айткан. Анткени имараттын урандысында калып, дайынсыз жоголгондор ого эле көп.

Жүрөктү титиретет! Бейруттагы  катуу жарылуунун видеосу

Эске салсак, кечээ Ливандын борбору Бейрут шаарындагы порттун жанында катуу жарылуу болгон. Алгач пиротехникалар сакталган кампа жарылган дешсе, кийинчерээк Ливандын Жалпы коопсуздук кызматынын башчысы Аббас Ибрагим көпкө чейин сакталып турган жардыруучу башка заттар жарылганын айткан.

Андан кийин өлкөнүн премьер-министр Хассан Дияб портто 2750 тонна аммиак селитрасы болгонун айтып, ал дээрлик алты жылдан бери сакталганын билдирген. Бул өз кезегинде катачылык болуп саналары белгиленет.

Ливандагы трагедияга байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Президент Мишель Аун эки жумага өзгөчө кырдаал жарыялоо үчүн өкмөттү ыкчам жыйынга чогулушун өтүнгөн.

260
Белгилер:
өлүм, жарылуу, Бейрут, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу (16)
Тема боюнча
Кытайда бензовоз жарылып 9 киши мүрт кетти. Кырсыктын видеосу

Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео

990
(жаңыланган 16:35 22.10.2020)
Көлбаевге карата Жазык кодексинин "Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди колго түшүргөн учурдун видеосун жарыялады.

Эске салсак, бүгүн, 22-октябрда, Бишкектеги спорт клубдардын биринен Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

990
Белгилер:
кримавторитет, Камчы Көлбаев
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Камчы Көлбаев кармалды
Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

453
Ош облусунда криминалдык чөйрөдөгү адамдардын бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, кармоо учурун YouTube каналына жарыялады.

Видеодо көрүнүп тургандай, спецназ шектүүнү колго түшүргөндөн кийин жерге жаткырып, колун кишендеп, андан бир нече суммадагы акча каражатын тапкан.

ИИМ билдиргендей, ага чейин жергиликтүү тургун 34 жаштагы жаран опузалап акча талап кылып жатканы боюнча милицияга арызданган. Маалым болгондой, кримтөбөл арыз ээсинен бир нече айдан бери 100 миң сом же беш сотых жер бер деп талап кылып жүргөн.

УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты

Милиция кызматкерлери шектүүнү 20-октябрда Кара-Суу районунан колго түшүрүшкөн. Анын криминал чөйрөсүнө тиешеси бар экени аныкталып, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары маалым болду. Буга чейин ал Россияда каракчылык үчүн соттолуп чыккан.

453
Белгилер:
видео, кармоо, Ош
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

0
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

0
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео