Күнөөлүүнү таап чыгам! Ливандын премьери Бейруттагы жарылуу боюнча үн катты

373
(жаңыланган 10:13 05.08.2020)
Өкмөт башчы кырсыкты иликтөө боюнча комиссия түзүү сунушун киргизди. Алар 48 сааттын ичинде жарылуунун себептерин аныктап, ага жоопкерчиликтүү адамдарды табышы керек.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ливандын премьер-министри Хассан Дияб Бейруттагы жарылууга алты жылдан бери сакталып турган 2750 тонна аммиак селитрасы себеп болгонун айтты. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

Маалыматта кырсык 70тен ашык адамдын өмүрүн алгандыгы айтылды.

"Болуп өткөн окуяга себепкер адамды тапмайынча жаным жай албайт. Биз аны жоопкерчиликке тартып, аеосуз жазалайбыз. Себеби салмагы 2750 тонна болгон аммиак селитрасы кампада алты жылдан бери жөн эле сакталып жаткан. Акыры ал адамдардын коопсуздугуна коркунуч алып келди", — деди Дияб.

Ошол эле учурда өкмөт башчы кырсыкты иликтөө боюнча комиссия түзүү сунушун киргизди. Алар 48 сааттын ичинде жарылуунун себептерин аныктап, ага жоопкерчиликтүү адамдарды табышы керек.

Бейруттагы жарылуудан каза тапкандардын саны 78ге жетти

Беш ай мурда коңгуроо кагылган

OTV телеканалы атайын кызматтагы өздүк маалымат булактарына таянып, Ливандын Улуттук коопсуздук кызматы беш ай мурда Бейруттагы портто көп көлөмдө аммиак селитрасы бар экенин аныктап, иликтөө баштаганын маалымдады.

Ага ылайык, иликтөөнүн жыйынтыгында кампадагы зат өтө коркунучтуу экени белгилүү болгон. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалды, анын ичинде жарылууну алдын алуу үчүн коопсуздук кызмат мамлекет буга жоопкерчиликтүү адамды дайындашы керек деген сунушун киргизген.

"Улуттук коопсуздук кызматы селитраны өзгөчө шартта сактоо керектигин айткан, өтө зарыл эмес болсо аны сатып салууну да сунуштаган", — деп билдирген телеканал.

Билдирмеге ылайык, жарылуучу заттар Африка өлкөлөрүнүн биринин желеги тагылып турган кеменин бортунда жайгашкан. Ал борттун кожоюндары ири көлөмдө карызы бар үчүн бир нече жыл мурда портту таштап кетишкен.

373
Белгилер:
премьер-министр, себеп, жарылуу, Бейрут, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу (16)
Тема боюнча
Кытай: автоцистерна жарылып, каза тапкандардын саны 19га жетти
ӨКМ кызматкери. Архивдик сүрөт

Оту асманга атылып. Бишкектин 5-кичи районундагы өрттүн видеосу

24
(жаңыланган 13:40 26.09.2020)
Аянты 40 чарчы метр темир павильон күйгөн. Адамдын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаралбаганын айтышты.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 5-кичи районда павильондон өрт чыкты. Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram каналы жарыялады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 25-сентябрда, өрт чыккандыгы боюнча кабар түшүп, аны өчүрүүгө саат 21:22де Октябрь райондук №5 ӨКМден бир бөлүм тартылган.

Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео

Такталган маалыматка ылайык, 5-кичи райондогу №82 көп кабаттуу үйдүн жанында  учурда иштетилбей турган 40 чарчы метрлик темир павильон күйгөн.

Өрттүн адамдын ден соолугуна, өмүрүнө кесепети тийген эмес.

24
Белгилер:
Бишкек, ӨКМ, кырсык, өрт
Тема боюнча
Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр
Тапанча кармаган киши. Архивдик сүрөт

Милиция үлпөт тоюнда тапанчадан ок чыгарган күйөө баланы Кара-Балтадан тапты

133
(жаңыланган 11:30 26.09.2020)
Кечээ социалдык тармактарда парктын ичинде жүргөн күйөө бала куралы менен асманга ок чыгарган видео тараган. 

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Үлпөт тоюнда тапанчасы менен ок чыгарган күйөө баланын ким экени аныкталды. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ социалдык тармактарда колуктусу менен парктын ичинде жүргөн күйөө бала үч жолу ок чыгарган видео тараган. Аталган факт Жоруктар кодексининин 121-беренеси менен ("Калк жашаган аймакта ок атуучу курал менен атуу") катталган. 

“Видео 19-сентябрда Кара-Балта шаарындагы парктардын биринде тартылган. Ок чыгарган жаран Панфилов районунун 29 жаштагы Ч.М. аттуу тургуну экени аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факт боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Унаадан белине чейин чыгып алып, тапанча аткан бала кармалды. Оштогу видео

Бул өлкөдө катталган биринчи учур эмес, август айында жана сентябрдын ортосунда дагы үлпөт тойдо тапанча менен асманга аткан күйөө баланын достору кармалган.

133
Белгилер:
аныктоо, милиция, күйөө бала, ок чыгаруу, той
Тема боюнча
Бишкектеги паркта милиционер асманга ок чыгарды. Окуянын видеосу жана чоо-жайы
Өзгөн: тойдо досун куттуктап асманга ок чыгарган видеодогу жигит кармалды