Чек арадагы ок атуу: тажикстандык көз жумду деген маалымат такталып жатат

Жазылуу
Бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында коңшулар тараптан ок атуу болуп, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алгандыгы тууралуу маалымат тараган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан бүгүнкү окуяда тажик жараны көз жумду деген маалымат такталып жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында коңшулар тараптан ок атуу болуп, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Баткен облусунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерине ок атып, ал аскердин колун тешип өткөнү маалым болгон.

Казак чек арасындагы чатак: мигранттар алдамчылардын торуна кантип түштү

Чек ара кызматынан билдиришкендей, эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын ортосунда сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Тажик тарап бир жарандын өлүмү жана аскердин жаракат алгандыгы боюнча айтты. Маалымат такталып жатат.

Бул учурда Баткен облусунда укук коргоо органдары бир тараптуу иликтөө иштерин баштады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0