Кечээ Баткенде чек арада жарадар болгон экинчи адамга ок Тажикстан тараптан атылган

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүЖоокер ок атуу үчүн патрондор алып жатат. Архив
Жоокер ок атуу үчүн патрондор алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-август күнү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эки ирет ок атуу болуп, эки кыргызстандык жаракат алды. Тажик тарап өз жагынан бир киши  каза болгонун айтууда. Бул маалымат такталып жатат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кечээ Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын аймагында кыргызстандык жаранга ок Тажикстан тараптан атылган, ал киши ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Эске салсак, 6-август күнү эртең менен кыргыз-тажик чек арасында коңшулар тараптан ок атуу болуп, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Баткен облусунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерине ок атып, ал жоокердин колун тешип өткөнү маалым болгон.

Мындан кийин эки тараптын өкүлдөрү жолугуп, чатакты Кыргызстан өзүнчө, Тажикстан өзүнчө иликтемей болгон. Себеби жарадар болгон кыргызстандык чек арачыдан башка тажикстандык бир жарандын каза болгону айтылган.

Ушул эле күнү кечке маал, болжол менен 18:00 чамасында чек арага жакын жайгашкан Баткен районундагы Көк-Таш айылында дагы бир ирет ок атылып, айыл тургуну жаракат алган. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, операция жасалган.

“65 жаштагы жабырлануучу Исфара районунун Чоркух айылы (Тажикстан) менен чектешкен жерде өзүнүн үлүш участкасында иштеп жүргөн жеринде Тажикстан тараптан белгисиз адам аткан. Натыйжада ок кыргызстандыктын желкесинин оң жагына жана бел тарабына тийип, Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бул фактылар боюнча Баткен РИИБи Жазык кодексинин 30/130-беренесине (“Киши өлтүрүүгө аракет жасоо”) ылайык сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Учурда милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0