ӨКМ: бир жумада беш киши сууга чөгүп кеткен, анын төртөө балдар

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКурортный сезон в Крыму
Курортный сезон в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин маалыматы боюнча, былтыр жылдын башынан бери Кыргызстанда 54 киши чөгүп кетсе, анын 35и жайында катталган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн жумада беш киши сууга чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.

Кыргызстандагы жырылып кетүү коркунучу бар көлдөр изилдене баштады

Анын айтымында, 9-августта Кемин районундагы көлмөгө 15 жаштагы бала чөгүп кеткен. Аны издөөгө төрт куткаруучу тартылып, бирок майнап чыккан эмес. Ошол эле күнү Лебединовка айылында дагы 15 жаштагы бала сууга түшүп кетип, сөөгү эки күндөн кийин табылган. Бул күнү дагы бир кайгылуу окуя катталып, Кара-Суу районунда 7 жаштагы бала чөгүп кеткен.

"Ага чейин Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда 26 жаштагы кишинин сөөгү табылган. 7-августта да Чүй дарыясына жети жаштагы бала түшүп кеткен, эмдигиче табыла элек", — деди Шерипова.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда 54 киши чөгүп кетсе, анын 35и жайында катталган. Мекеме былтыр мындай окуялар көбүрөөк болгонун белгиледи. Тагыраагы, 2019-жылы ушул убакта 122 киши сууга түшүп кетсе, анын 96сы жайкы мезгилге туура келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0