Эки кызматкер ооруканага түштү. Милициянын автоунаасынын кырсыктаган видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин кызматтык унаасы. Архив
ИИМдин кызматтык унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башка автоунаа менен кагышкан милициянын машинасы сүрүлүп барып жолдун боюндагы үйдүн дарбазасын сүзүп токтогон.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Короче тelegram каналы милициянын автоунаасы башка автокөлүк менен кагышкан учурунун видеосун жарыялады.

Видеодон башка автоунаа менен кагышкан милициянын машинасы сүрүлүп барып жолдун боюндагы үйдүн дарбазасын сүзүп, экинчиси бетон түркүккө тийгенин көрүүгө болот.

Кайгуул милициясынан кырсык бүгүн, 11-августта, 14:50 чамасында Бишкек шаарындагы Матросов жана Карасаев көчөсүнүн кесилишинде болгондугун айтышты. Renault Logan менен ВАЗ 2109 кагышкан.

Ысык-Көлдө КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, эки киши мерт болду. Сүрөттөр

Кырсыктын кесепетинен милициянын эки кызматкери жаракат алып, ооруканага түшкөн. Эки автоунаа тең айып короого токтотулуп, тиешелүү экспертиза дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0