Машина талкаланган. Бишкектин четиндеги үрөй учурган кырсыктын видеосу

CC BY 2.0 / Tony Webster / Cracked WindshieldПоследствия урагана в Северном Миннеаполисе
Последствия урагана в Северном Миннеаполисе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя саат 10.00дөр чамасында болгон. Айдоочу автоунааны башкара албай калып, жол жээгиндеги тосмого барып урунган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Петровка айылында 12-август күнү эртең менен жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Окуя саат 10.00дөр чамасында болгон. Айдоочу автоунааны башкара албай калып, жол жээгиндеги тосмого барып урунган. SEAT үлгүсүндөгү машина бир топ талкаланып калганын көрүүгө болот. Айдоочуну тез жардам унаасы ооруканага алып кеткен.

Ысык-Көлдө жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду. Окуя болгон жердеги видео

Башка жабырлануучулар тууралуу маалымат берилген жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0