Хакасияда болгон жол кырсыгы

Эс алам деп... Хакасиядагы жол кырсыгында кыргызстандык жигиттер каза болду

529
(жаңыланган 17:02 12.08.2020)
Nissan Sunny автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу бурулуштан рулду башкара албай калып жолдун жээгине чыгып кеткен. Жыйынтыгында автокөлүк ала салып барып токтогон.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Хакасияда беш кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, экөө көз жумду. Бул тууралуу аймак боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын "ВКонтакте" тармагындагы баракчасына жарыяланды.

  • На месте ДТП с кыргызстанцами в Хакасии
    Хакасияда беш кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, экөө көз жумду
    © Фото / УГИБДД Хакасии
  • На месте ДТП с кыргызстанцами в Хакасии
    Nissan Sunny автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу бурулуштан рулду башкара албай калып жолдун жээгине чыгып кеткен. Жыйынтыгында автокөлүк ала салып барып токтогон.
    © Фото / УГИБДД Хакасии
1 / 2
© Фото / УГИБДД Хакасии
Хакасияда беш кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, экөө көз жумду

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар Красноярск крайынан көлгө түшүп, эс алуу үчүн барышкан. Кырсык 11-август күнү саат 13:50дө Ачинск — Ужур — Шира — Троицкое автожолунун 232-чакырымында болгон.

Nissan Sunny автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу бурулуштан рулду башкара албай калып жолдун жээгине чыгып кеткен. Жыйынтыгында автокөлүк ала салып барып токтогон.

"Кесепетинде арткы орундуктагы эки киши көз жумган. Айдоочу менен 24 жана 20 жаштагы эки жигитке медициналык жардам көрсөтүлдү. Бирок алар ооруканага жаткан жок", — деп айтылат кабарда.

Машина талкаланган. Бишкектин четиндеги үрөй учурган кырсыктын видеосу

Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.

529
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, Хакасия, Россия
Тема боюнча
Бетме-бет сүзүшкөн. Көлдөгү жол кырсыктын чоо-жайы
Маршрутка. Архив

Кишилерди кууп барып бус менен тебелетип... Кызыл-Кыядагы окуянын видеосу

607
(жаңыланган 12:43 01.10.2020)
Азыркы күндө автоунаанын ээси аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерден 28 жаштагы жаран жараат алып, жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Интернет айдыңында кичи автобустун караңгыда аянтчада айланып, элди тебелетип жаткан видеосу тарап, ал "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Окуянын кандай болгонун Баткен ИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

"25-сентябрь күнү саат 20.00дөр чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү спринтер койдуруп, ал жерден из жашырып кеткен. Азыркы күндө автоунаанын ээси аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерде 28 жаштагы жаран денесинен жараат алып, жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн", — деп айтылган маалыматта.

Видеодон ал жерде кишилер чырылдап качып, ал эми бусиктин алардын артынан кууп барып тебелетип жаткандыгын көрүүгө болот.

Бишкекте айдоочу күчүктү артынан кууп барып тебелетип кетти. Видео

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Жазык кодексинин 297, 266 ("Жол кырсыгы"), ("Ээнбаштык") беренелери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милициядан тийиштүү экспертизалар дайындалгандыгын кошумчалашты.

607
Белгилер:
милиция, маршрутка, Кызыл-Кыя, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Машина тебелеп кеткен Эдилдин эжеси: жок дегенде арабага отургузганга операция керек!
Колуна кишен тагылган шектүүлөр. Архивдик сүрөт

Кыз зордуктап, баңгизат үчүн соттолгон. ИИМ элдик кыймылбыз дегендерди кармады

80
(жаңыланган 11:32 01.10.2020)
Кечээ "Кырк Уруу Жети Дубан" кыймылынын 26 мүчөсү кармалган. Наркологиялык текшерүүдө алардын ичинен 20 кишинин канынан баңгизат чыккан.

БИШКЕК, 1-окт. – Sputnik. Аймактар аралык кастыкты козутуу жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган "Кырк Уруу Жети Дубан" кыймылынын лидери жана анын тарапташтары кармалып, арасынан баңгизат колдонгондор аныкталды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"2020-жылдын 30-сентябрь күнү коомдук тартипти туруксуздаштырууну мерчемдеп, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео интернет булактарында тараган. Аталган факты боюнча Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмү менен ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган", — деп билдиришти ИИМден.

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Сүрөт

Маалыматта Улуттук академия тарабынан берилген соттук-саясий экспертизанын корутундусуна ылайык, интернет булактарына таралган видеотасмада сүйлөгөн белгисиз жарандын сөзүндө аймак ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктардын белгиси бар экендиги аныкталганы кабарланды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө видеотасмадагы адамдардын ким экендиги жана аты-жөнү такталган.

Кечээ, 30-сентябрь күнү, "Кырк Уруу Жети Дубан" кыймылынын 26 мүчөсү кармалып, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына алып келинген.

"Кармалган 26 кишини наркологиялык текшерүүдөн өткөрө келгенде алардын ичинен 20сы баңгизат колдонгондугу аныкталган", — деп айтылды маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча аталган кыймылдын лидери ЖПКнын 98-беренесине ылайык, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы "Чач" кармалды. Видео

ИИМ алар тууралуу төмөнкү маалыматты берди:

1. 1985-жылы туулган Ш.М., мурда соттолгон;

2. 1971-жылы туулган А.А., мурда баңгизатты сактагандыгы үчүн эки жолу соттолгон;

3. 1964-жылы туулган А,О., мурда зордуктоо жана аткезчилик менен эки жолу соттолгон;

4. 1972-жылы туулган Р,Б.;

5. 1966-жылы туулган К. Ж., мурда тоноо, ээнбаштык жана уурдоо менен үч жолу соттолгон.

Милициядан калгандарынын окуяга тиешелүүлүгүн аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, тиешелүү бардык экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатканын айтышты.

80
Белгилер:
зордуктоо, колдонуучу, баңгизат, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаган бала өмүр бою эркинен ажыратылды
Дордой футбол клубунун оюнчулары

"Дордой" футбол клубу мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болду

0
(жаңыланган 13:42 01.10.2020)
"Дордойчулар" чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" клубу футбол боюнча Кыргызстандын Шоро премьер-лигасынын 2020-жылдагы чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзу билдирди.

"Дордойчулар" чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады.

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттери бүгүн, 1-октябрда, мелдештик жарышта экинчи сапта келе жаткан Бишкектин "Алга" клубун утуп алды.

Бишкекте тынчтыкты даңазалаган футбол майрамы өттү. Сүрөттөр

Беттеш Кант шаарындагы "Центральный" стадионунда өтүп, талаа ээси катары ойногон "Алганы" "Дордой" 1:5 эсебинде утту.

Муну менен "Дордой" үчүнчү ирет удаасы менен, ал эми тарыхында 12-ирет чемпион болду.

Кыргызстандын чемпиону быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу борборлоштурулган форматта Кант шаарында күйөрмансыз өттү.

0
Белгилер:
"Дордой" ФК, футбол
Тема боюнча
Гүлжигит Алыкулов "Кайраттын" УЕФА мелдешиндеги голуна жардам берди. Видео