Ошто дарыга ууланып каза болду делген кыз боюнча иш козголду

© AFP / PHILIPPE HUGUENЛекарства
Лекарства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, маркум өзү иштеген жайдагы дарыга ууланган. Ал ооруканага эс-учун билбей келген.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы дарыканада дарыга ууланып каза болду делген кыз боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Абсаттар Тавакалов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Окуя кечээ, 11-август күнү, Ош шаарындагы дарыканалардын биринде болгон. Облустук оорукананын башчысынын орун басары Кадырбек Бөрүбаев билдиргендей, дарыканада иштеген К.З. аттуу кыз эс-учун жоготуп, оор абалда облустук бириккен клиникалык ооруканасына саат 9:00дөр чамасында келип түшкөн.

Бирок өзүнө келбей саат 16:45терде каза болгон.

Бишкек — Ош жолунда эки бензовоз өрттөнүп, бир киши каза болду. Видео

Дарыгерлердин алдын ала койгон аныктамасына ылайык, маркум өзү иштеген жайдагы дарыга ууланган.

Кыздын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси менен катталган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0