РФ Кыргызстан менен Казакстанга миллиарддаган рубль чыгаргандарды кармады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосковская печатная фабрика Гознака
Московская печатная фабрика Гознака - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөр өздөрү көзөмөлдөгөн уюмдардын эсептерин колдонуп, Кыргызстан жана Казакстанда биржа менен алектенгендерге каражат которушкан.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Россияда полиция Кыргызстан менен Казакстандын товар биржалары аркылуу өлкөдөн каражаттарды мыйзамсыз чыгарган ири каналга бөгөт койду. Бул тууралуу РФтин ИИМинин сайтында жазылган.

Маалыматка ылайык, уюшкан топтун иш-аракетин токтотуу үчүн министрликтин Экономикалык коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Москва, Крым, Краснодар, Волгоград жана Тула облустарындагы кесиптештери менен чогуу кызматташкан.

"Кармалгандар Россиядан акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кеткенге шектелүүдө", — деп жазылган билдирмеде.

Алдын ала айтылган маалыматтарга ылайык, шектүүлөр өздөрү көзөмөлдөгөн уюмдардын эсептерин колдонуп, Кыргызстан жана Казакстанда биржа менен алектенгендердин банктык эсептерине каражат которушкан. Алар болсо финансылык институттарга маалыматы так эмес документти беришкен.

Баткенде ири суммага алдап кетти делген аял 10 жылдан кийин Москвадан кармалды

"Божомолдор боюнча чет өлкөлөргө бир нече миллиард рубль мыйзамсыз чыгарылган. Бир жылда Москванын эки фирмасы ал аркылуу мамлекеттен 17 миллиард рубль алып кеткен. Ишти ачуу үчүн кылмыштын фигуранттарынын жашаган жери менен 20дан ашык кеңсе тинтилген. Натыйжада маалыматты электрондук түрдө жеткирген каражаттар, мөөр, ошондой эле кылмыш ишин далилдеген документтер менен буюмдар табылган", — деп жазылган маалыматта.

Аталган факты боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Жасалма документтерди колдонуу менен Россиянын чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын резидент эместердин эсебине которуу үчүн валюталык операцияларды жүргүзүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0