УКМК Бишкек менен Чүйдө ири салык төлөөчүлөрдү тескеген жетекчини кармады

Жазылуу
Жетекчилик кызматты аркалаган салыкчы "Кыргыз темир жолу" ишканасынан коррупциялык схема менен акча чыгарып кетүүдө негизги ролду ойногон деп айыпталууда.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөгөн башкы инспектор кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ал Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилиги ири суммадагы каражатты кымырып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында колго түшүрүлгөнү айтылат.

Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМКнын билдиришинче, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жооптуу кызматкерлеринен турган топтун, ташып келүү кызматын аткарган жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле көзөмөлдөө жана текшерүү органдарынын кызматкерлеринин кылмыштуу ишине карата чара көрүлүүдө.

Алар товар ташуу жана ар кандай кызматтарды көрсөтүүнүн баасын жогорулатып, мамлекеттик ишканадан ири суммадагы акча чыгарып кетүүгө аракет кылышкан.

"Өзүн актай турган далилдерди көрсөтө албагандыктан 14-августта Салык кызматынын Ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору А.М. кармалды. Ал бийлик өкүлү болуп туруп "Кыргыз темир жолу" өткөргөн тендерге катышкан бир компания менен байланыш түзүп, аны калкалап, коррупциялык схеманын ишке ашышында негизги ролду ойногон", — деп айтылат маалыматта.

Коррупцияга шектелген салыкчы А.М. Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү менен ("Коррупция") айыпталууда. 15-августта Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы тандалып, камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0