Бишкектеги кызыл жалын: атайылап өрт койду делген шектүү кармалды. Сүрөт

© AFP / PHILIPPE HUGUENКишенчен киши. Архив
Кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция 29 жаштагы жаранды өрт кырсыгынын чыгышына жана уурулукка шектүү деп колго түшүрдү. Өрттүн чыгышына себепчи болгону тууралуу расмий маалымат азырынча айтыла элек.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бишкектеги "Навигатор" кафесинин жанындагы чыгармачылык студияны өрттөдү деп 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаБишкектеги "Навигатор" кафесинин жанындагы чыгармачылык студияны өрттөдү деп 29 жаштагы жаран кармалды
Бишкектеги кызыл жалын: атайылап өрт койду делген шектүү кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги "Навигатор" кафесинин жанындагы чыгармачылык студияны өрттөдү деп 29 жаштагы жаран кармалды

Эске сала кетсек, 11-августта Москва жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде ири өрт чыккан.

Кийин имараттын ээлери өрт атайын уюштурулганын билдиришкен.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, өрттүн чыгышына шектелип 29 жаштагы жаран кармалган. Шектүү башка кылмышты издөө иш-чарасынын аркасында колго түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0