БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Куткаруучулар мындан сегиз күн мурун Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен беш жашар наристенин сөөгүн табышты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бөбөк 10-август күнү эртең менен саат 8.00дөр чамасында Бишкектин Патрис Лумумба көчөсү тарапта ойноп жүрүп Чоң Чүй каналына түшүп кеткен.
ӨКМ: бир жумада беш киши сууга чөгүп кеткен, анын төртөө балдар
“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын күн сайын аткарган иш-аракетинин натыйжасында сөөктү 18-август күнү таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жалпысынан издөө иштерине 21 куткаруучу тартылган. Бул ишти өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жеке көзөмөлүнө алып, издөө-куткаруу жумуштарын жүргүзүүдө зарыл болгон бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып, ыкчам аракет кылууну тапшырган”, — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу мекеме жетекчиси Замирбек Аскаров ата-энелерге кайрылып, өзгөчө жай мезгилинин кооптуу учурунда балдарды кароосуз калтырбоого чакырды. Аны менен катар сууга түшүү мезгилинде балдарды жалгыз таштабоону эскертти.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Милиция Кыргызстандын түштүгүндө бизнесмендерди өз көзөмөлүнө алууга аракет жасаган топ бар экенин кабарлады.
Маалыматка караганда, кылмыштуу топ "салык" төлөөдөн баш тарткан ишкерлер менен коммерсанттарды эл жок жерге алып барып сабап коркутуп турушкан.
"Жалал-Абадда апрель айынын башында үч киши 29 жаштагы ишкерди күчкө салып машина менен алып кетишкен. Аны ээн жерге алып барып акча талап кылып сабашкан", — дешти ИИМден.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 16-апрель күнү Жалал-Абаддан 29 жаштагы шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Милиция учурда шериктерин издеп жатат.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Кабарды Sputnik агенттигине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тастыктады.
Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.
Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.
Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.