Бишкек тургундарынын үйүнөн баңгизат өстүргөн лаборатория табылды. Сүрөт

© Фото / Пресс-служба СБНОН МВД КРОперативники СБНОН обнаружили лабораторию по культивированию наркосодержащих растений
Оперативники СБНОН обнаружили лабораторию по культивированию наркосодержащих растений - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо иши жүрүп жатат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Борбор калаада баңгизат өстүргөн лаборатория табылды. Бул туурасында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Маалыматта атайын жабдылган жайда маңзат өстүрүү ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча операция ийгиликтүү өткөрүлгөнү айтылат. 

© Фото / Пресс-служба СБНОН МВД КРБорбор калаада баңгизат өстүргөн лаборатория табылды
Бишкек тургундарынын үйүнөн баңгизат өстүргөн лаборатория табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаада баңгизат өстүргөн лаборатория табылды

Аталган лабораторияда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана Тергөө кызматтары тинтүү жүргүзүп, тергөө иштерин алып барган. Анын натыйжасында Бишкек шаарынын 42 жаштагы Г.И. жана 49 жаштагы Е.В. аттуу тургуну жашаган үйдөн кара куурай жыттанган кочкул-жашыл түстөгү каражаттар, гидропоникалык ыкма менен өстүрүлгөн каннабис сорттору жана ар кандай түрдөгү кара куурайдын уруктары табылган.

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Сүрөт

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 273-беренеси ("Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү") менен катталды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо иши жүрүп жатканы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0